Сулайман-Тоо архитектуралык музей комплексинде Музейдеги түн акциясы

Сулайман-Тоодо биринчи жолу "Музейдеги түн" акциясы өттү

61
(жаңыланган 12:15 19.05.2016)
Музей күнү 1977-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Буга арналган иш-чаралар ар кайсы өлкөлөрдө бир күндөн бир жумага чейин созулат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Шаршемби күнү "Сулайман-Тоо" архитектуралык музей комплексинде "Музейдеги түн" акциясы биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди. 

Иш-чара музейлердин дүйнөлүк күнүнө арналып Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.

  • Шаршемби күнү Сулайман-Тоо архитектуралык музей комплексинде Музейдеги түн акциясы биринчи жолу өткөрүлдү.
    Шаршемби күнү "Сулайман-Тоо" архитектуралык музей комплексинде "Музейдеги түн" акциясы биринчи жолу өткөрүлдү.
    © Sputnik / Айша Камилова
  • Иш-чара музейлердин дүйнөлүк күнүнө арналып Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.
    Иш-чара музейлердин дүйнөлүк күнүнө арналып Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.
    © Sputnik / Айша Камилова
  • Акциянын негизги максаты — музейлердин потенциалын көрсөтүү менен жаштарды тартуу болуп эсептелет.
    Акциянын негизги максаты — музейлердин потенциалын көрсөтүү менен жаштарды тартуу болуп эсептелет.
    © Sputnik / Айша Камилова
1 / 3
© Sputnik / Айша Камилова
Шаршемби күнү "Сулайман-Тоо" архитектуралык музей комплексинде "Музейдеги түн" акциясы биринчи жолу өткөрүлдү.

"Келген коноктор улуттук маданий баалуулуктарга күбө болушту. Мындан тышкары, улуттук ырлар жаңырып, ар кандай сынактар жана оюндар өткөрүлдү", — деп музейдин администрациясынан билдиришти. 

Акциянын негизги максаты — музейлердин потенциалын көрсөтүү менен жаштарды тартуу болуп эсептелет. 

Дүйнөлүк музейлер күнү жыл сайын 18-май күнү 150 мамлекетте белгиленет. Жаңы майрамды белгилөө 1977-жылы Москва менен Ленинградда өткөн XI эл аралык музейлер кеңешинин конференциясында кабыл алынган. Акция ар кайсы өлкөлөрдө бир күндөн бир жумага чейин созулат. 

61
Белгилер:
Сулайман тоо, акция, Музейдеги түн
Тема боюнча
Бишкектеги "Музейдеги түн" акциясы эки миң адамды чогултту
Киши пианинодо ойноп жатат. Архив

Бишкектин сквериндеги пианинону кайрадан сындырып кетишти. Видео

165
(жаңыланган 11:40 21.10.2020)
Музыкалык аспапты бир ай мурда дагы сындырып коюшкан. Анда күнөөкөрдү "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери жеринен кармашкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ордо калаадагы "Театралдык" сквериндеги пианинону кайрадан сындырып кетишти. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева билдирди.

Анда пианинонун жыгачтары сындырылганын жана баскычтары жакшы иштебей жатканын байкоого болот. Кызматкерлер келгенде музыкалык аспап жерде жаткан.

Бишкек мэриясы башаламандыктын айынан 17 млн. сом чыгым тартты

Эске сала кетсек, бул пианинону бир ай мурда дагы сындырып кетишкен. Аны бүлүндүргөндөр ошол эле жерден "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Күнөөкөрлөр жаңысын сатып берүүнү убадалап, кийинчерээк сөзүнө турушкан.

165
Белгилер:
сындыруу, пианино, Бишкек
Тема боюнча
Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт
Кыздар элекчен менен сүрөткө түшүп жатышат. Архив

Кыргызстанда "Элечек жумалыгы 2020" иш-чарасы башталды

98
Иш-чаранын катышуучулары элечекти Кыргызстандын бир топ аймактарында жана Москва, Абу-Даби шаарларында бир жума башынан түшүрбөй кийип жүрүшмөкчү.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Элечек жумалыгы — 2020" иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Айжан Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай жумалык үчүнчү ирет өтүп жатат.

"Саамалыктын максаты — салттуу баш кийим болгон элечекти күнүмдүк жашоого киргизүү. Жумалыкка 35 аял катышып жатат. Биз аларга элечек ороп беребиз жана аны ошол бойдон белек кылабыз. Алар салттуу баш кийимди бир жума бою башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт", — деди Акылбекова.

Салттуу баш кийимдердин сырлары

Жумалыкка Бишкек шаарынан, Ош облусунун Кара-Суу районунан, Баткен облусунун Лейлек районунан, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан, Жети-Өгүз районунан, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан жана Москва, Абу-Даби шаарларынан аялдар катышмакчы.

98
Белгилер:
баш кийим, элечек, иш-чара, жумалык
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди