Андрей Стенин атындагы фотоконкурстун кыска тизмеси жарыяланды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАндрей Стенин атындагы көргөзмөнүн катышуучусу. Архив
Андрей Стенин атындагы көргөзмөнүн катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска жаш фотогорафтар өз иштерин жөнөткөн. Жалпысынан 71 мамлекеттен алты миңден ашык иш келген.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Россия сегодня" медиагруппасы уюштурган жаш фотожурналисттердин эл аралык конкурсунун кыска тизмеси жарыяланды.

Радио жана теле алып баруучу Урмат Борченов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борченов: эч убакта үнүмдү акчага баалайм деп ойлогон эмесмин
"Россия сегодня" медиагруппасынын фотокорреспонденти Андрей Стениндин урматына уюштурулган конкурс 2016-жылы катышуучулардын саны жана географиялык аймагы боюнча рекорд койду. Конкурска өз эмгектерин 5 континенттеги 71 мамлекеттин жаш фотографтары жөнөткөн.

Кыска тизмеге 10 мамлекеттин өкүлдөрү кирди. Алар Россия, Кытай, Сирия, Италия, Испания, Израиль жана башка мамлекеттин фотографтары бар. Алар менен stenincontest.ru сайтынан толук тааныша аласыздар.

Жеңүүчүлөр 4-августта белгилүү болот, баш байгенин ээси 30-августта Москва шаарында боло турчу лауреттардын иштеринин көргөзмөсүндө аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0