Россиядагы ири телеканал июнда Кыргызстан туурасында фильм көрсөтөт

© Sputnik / Владислав УшаковКара-суу көлү. Архив
Кара-суу көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма Ысык-Көлдүн жээгинде жана өлкөнүн бир нече дубандарында тартылган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россиядагы ири телеканалдардын бири болгон "Живая Планета" Кыргызстан тууралуу фильм тартты деп алып баруучу Константин Бышевой Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тасма тарткан чыгармачыл топ Кыргызстанда болуп, өлкөнүн жан-жаныбарлары, кайталангыс табигаты жөнүндө толук метраждуу фильм тартты.

Аталган каналдын алып баруучусу Бышевойдун айтымында, фильмди тартуу иштери бүттү.

"Facebook социалдык тармагындагы баракчам иш сапардын жыйынтыгы боюнча жазууларга толуп кетти. Чолпон-Атада, Караколдо болуп, Ысык-Көлдүн, Жети-Өгүздүн, андан сырткары түштүк жээктин кереметтүү жаратылышын тарттык",— деген ал.

Бышевой андан сырткары өлкөнүн түндүк аймактарында болгондугун, ал кийинки ирет түштүк борборго сапар алышаарын кошумчалады.

Мекенибиздин жаратылышына суктанган теле алып баруучу, башкаларды Кыргызстанга келип, кереметтүү жаратылышты өз көздөрү менен көрүп кетүүгө чакырган.

"Жакында Кыргызстан Швейцарияга, Түндүк Италияга же Жаңы Зеландияга айланат. Буга бардык өбөлгөлөр бар экен — туристтик бизнес өнүгүп, дүйнөлүк деңгээлдеги мейманканалар курулат. Баары Анд жана Альпы тоолорундай болот. Жаратылыш эми бир укмуш",— деп жазган ал Facebook баракчасына.

Бышевой Кыргызстандын жаратылышы туурасындагы толук метраждуу тасма 52 мүнөткө созулуп, россиялык телеканалдын көрүүчүлөрүнө таанып-билүүчүлүк максатта сунуштала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0