"Жашыл жазда кыялдарым орундалат". Бишкекте жаңы тасманын бет ачары болот

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинотеатр кызматкери. Архив
Кинотеатр кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Аутист жана шал оорусу менен ооруган балдарды тарбиялаган аял тууралуу тасманын бет ачары болот. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кинематография департаменти мыкты кинодолбоорго сынак жарыялайт
"Жашыл жазда кыялдарым орундалат" аттуу тасманы режиссер-документалист Аманбек Ажымат тарткан. Ал эми ага белгилүү режиссер Темир Бирназаров менен Асель жураева продюсерлик кылышкан. 

Тасма 31-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө калың элдин назарына сунушталат. Тасма Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата көрсөтүлөт.

Тасманын узакты 40 мүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0