"Жеңишбек" поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүОзеро Иссык-Куль
Озеро Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулунун согушта курман болгонун билсе да жүрөгү сезгиси келбей пристанга эл менен кошо келип, куру үмүт менен көлдү тиктеп, күтүп, томсоргон Миңбай чал. Жүрөгү өрттөнүп турса да кайратынан жазбай, ичинен күңгүрөнө дүйнө-өмүр менен сүйлөшкөн карыя…

Sputnik Кыргызстан окурмандарга кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун мыкты чыгармаларынын бири "Жеңишбек" поэмасы тууралуу беш фактыны сунуштайт. 

Пролог. "Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун", — деген саптарды кыргыз окурмандарынын көбү кыргыздын атактуу акыны.

Алыкул Осмоновго таандык экендигин билет. Бул саптар кыргыз абышкасынын трагедиясы туурасында жазылган "Жеңишбек" аттуу чыгармасынын прологу экендигин эске сала кетүүнү эп көрдүк.

Тайлак баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм
"Жеңишбек" поэмасы кандуу согушта жалгыз уулу Жеңишбектен ажыраган Миңбай аттуу карыянын күйүттүү абалы, өксүбөс арманын баяндайт. Ал баласынын курман болгону тууралуу "кара кагазга" ынанбайт, уулу өлдү деген кабарга моюн сунгусу келбейт, жалгызын күнү-түнү, ал тургай ар бир ирмемде күтүп, жол карайт.

Ошентип, Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, жеңиш тартуулаган күндөр Кыргызстанга, анын ичинен көл өрөөнүнө да келет. Башкалар жоо жеңип кайткан жакындарын тосуп пристанга барса, Миңбай да кур үмүткө азгырыла кошо барып алат. Кеме кайра-кайра жоокерлердин жаңы тобун алып келет, кеме келген сайын Миңбайдын күткөнү ордунан чыкпайт… Бир сапар чал дагы кеме тосуп, дагы кур үмүткө алданат. Үйүнө баргандан заарканып, курдашы Курманбектикине кайрылат. Курманбек кан майданга алты уулун атказганын, алтоонон экөө гана жараланып кайтканын кеп салып, Миңбайга кайрат айтат; анан өзү жетимиштен ашканда алтымыштагы кемпири экөө эркек уулдуу болгонун сүйүнчүлөйт. Миңбай бешикте жаткан баланы көрүп, атын Жеңишбек коёт. Ал Курманбектикинен аттанып, арбалгандай кайра көл жээгине барат… Айтор, күйүтүү күтүүгө сугарылган күндөр менен тагдырлар…

"Жеңишбек" — Алыкулдун акындык өнөрүнүн туу чокусу. 1945-жыл, 13-декабры – тарыхый дата.

1944-жылдын ноябрынан тарта Осмоновдун чыгармалыгы жемиштүү болуп, "ташы өргө кулаган". Ушул мезгилден тарта беш жылга жетпеген убакыт ичинде акын кыргыз адабиятында кайталангыс орун тапкан көп сандагы ыр, поэма, пьесаларын жараткан. Анын ичинде биз сөз кылып жаткан "Жеңишбек" поэмасы бар. Чыгармага акыркы чекитти акын 1945-жылдын 13-декабрында көл жээгиндеги "Койсары" курортунда койгон.

Күйүттүү күтүүнү баяндаган 156 сап… Чыгармада кыймылдуу окуяларга караганда кейиштүү сезим-туйгулар, лирикалык ой толгоолор, пейзаждык сүрөттөр көбүрөөк. Дал ошол көмөкчү элементтер бар болгону жүз элүү алты ыр сабынан турган поэманын жөнөкөй сюжетине кошумча жаңырык, көмүскө тереңдик бергенсийт.

Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда кыргыз маданиятына өмүр берген Жусуп Мамай туурасында кызыктуу 7 факты
156 саптан турган "Жеңишбек" поэмасынын мазмунун эмоциялык жактан курч кылган, окурмандын ичин аңтарып, жүрөгүн сыздаткан албетте, баш каармандын аянычтуу абалы, бөксөрбөс убайымы. Миңбай чалдын курман болгон уулун күтүп куру убара тартышы жан кейитет, согуш мезгилинен тынч күндөргө сарыккан көп трагедиянын бирин кескин сездирет, далай кишинин башына түшкөн арман күйүттүн оорчулугу, көпкө дейре өксүбөсүн таасын билдирет.

Дүйнө – өмүр, уул бердиң, бала бердиң,
Дүйнө – өмүр алоолонуп жана бердиң.
Неге сен алыс кеткен сапарыңан
Ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?

Дүйнө – өмүр, энчи бердиң, үй-жай бердиң,
Күн көр деп, бар керекти белендедиң.
Неге сен ыраак кеткен сапарыңан,
Эскиртип канатыңды кайра келдиң?

Жазуучу Алыкул Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда башталган поэзия эстафетасы Абхазия менен Осетияга жетти
"Жеңишбек" — Алыкулдун чолпону". Башка чыгармачыл адамдарга таасирин тийгизген. Залкар кара сөзчү Ашым Жакыпбеков "Жеңишбек" — Алыкулдун чолпону" деген баасын берип, бул туурасында күндөлүгүнө жазып калтырган экен. "Турмушка өкүнүп коюп, "Жеңишбекти" окуй кеттим. "Жеңишбек" — Алыкулдун чолпону. "Жеңишбекти" окуп отурсаң эрте жазда көл жээгиндеги атыр жытка мас болгондон да аша кетесиң… "Жеңишбектей" таттуу-рахаттуу аба жок, болсо да аз.

Ошентип, "Жеңишбекти" экранга "чыгаргым" келди. Бул багытта тажрыйбам жок болсо да бел байладым, ким билет эмне болорун… Эгер, чебердин колуна түшсө укмуш эле болор эле!", — деп жазган экен тээ 1955-жылдары.

Жаңылыктар түрмөгү
0