"Топурак" Тбилисидеги сынакта күч сынашат

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүТбилиси шаарына көрүнүш. Архив
Тбилиси шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурс Грузиядагы эл аралык киномектептин алкагында өтмөкчү. Анда мыкты тасмалар жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтө турган "Жаш кинематографисттердин шериктештиги" аттуу эл аралык киномектептин алкагында өтүүчү сынакка Кыргызстандан "Топурак" аттуу тасма катышат. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Улуттук кийим кийген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых жана маданият жылын өткөрүүгө 94 млн. сом бөлүнгөн
Маалыматка ылайык, иш-чара 30-майда башталып 3-июнда жыйынтыкталат. Ал эми кыска метраждуу тасмалардын жеңүүчүсү жашыруун добуш берүү аркылуу тандалмакчы.

Чыгармачыл семинарлардын жүрүшүндө эл аралык аренада таанымал болгон тасмалар талкууга алынып, иш-чаранын жыйынтыгы менен тартыла турган альманах-фильмдин сценарийи сунушталат. 

Чолпонай Бөрүбаевага таандык "Топурак" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0