Адилет Азимов Уфада өткөн Эл аралык түрк жаштарынын сынагында баш байгеге ээ болду

© Фото / Айчурек ИманалиеваУфа шаарында өткөн Эл аралык түрк жаштарынын сынагы
Уфа шаарында өткөн Эл аралык түрк жаштарынын сынагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль түрк элдеринин улуттук музыкасын даңазалоо, улуттук каада-салт менен тааныштыруу, маданий алакаларды бекемдөө максатын көздөйт.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Башкыртстандын Уфа шаарында өткөн Эл аралык түрк жаштарынын сынагында кыргызстандык ырчы Адилет Азимов баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу аталган сынакка калыс болууга чакырылган КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 26-майда башталып үч күнгө созулду. Анда Кыргызстандын намысын Адилет Азимов жана Мыктыбек Нурланбеков коргогон.

"Атандааштар абдан күчтүү болду. Ошентсе да Адилет Азимов биринчи орунду багындырды", — деди Иманалиева.

Анын айтымында сынакка Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Гагаузия, Өзбекстан, Крым, Башкортостан, Алтай, Дагестан, Кабардино-Балкария, Таймыр, Карачево-Черкесия, Татарстан, Тыва, Хакасия, Якутия, Түндүк Осетия мамлекеттеринен, Москва шаарынан жана Новосибирск облусунан келген ырчылар катышкан. 

Комуздун коштоосундагы битбокс
Аталган конкурс 1991-жылы негизделип, эл аралык статуска ээ болгон. 

Сынак эки жылда бир жолу өтөт. 2014-жылы болгон конкурста Кыргызстандан барган белгилүү эстрада ырчысы Курал Чокоев биринчи орунга ээ болсо, опера ырчысы Айбек Саралаев экинчи орунду багындырган. 

Фестиваль-сынак түрк элдеринин улуттук музыкасын даңазалоо, улуттук каада-салт менен тааныштыруу, маданий алакаларды бекемдөө максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0