Махатма Гандинин өмүрү, ишмердүүлүгү тууралуу кыргызча китептин бет ачары болот

© AP PhotoИндиялык улуу гуманист жана агартуучу Махатма Ганди. Архив
Индиялык улуу гуманист жана агартуучу Махатма Ганди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Бишкек шаарында 8-июнда Хусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Индиялык улуу гуманист жана агартуучу Махатма Гандинин "Менин өмүр таржымакалым, же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажырыйбаларым тууралуу" деген кыргыз тилине которулган китебинин бет ачары Бишкекте өтүүчү "Махатма Ганди жана азыркы Индия" деп аталган илимий-практикалык конференция учурунда болот. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Фонддун өкүлдөрү китепти экс-президенти Роза Отунбаеванын демилгеси боюнча тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин котормочулардын, тарыхчылардын жана лингвисттердин тобу менен бирге кыргыз тилине которгонун билдиришти.

"Гандинин кыргыз тилиндеги китеби кыргыз окурмандарынын кеңири чөйрөсүнө ХХ кылымдын башындагы Индиянын татаал тарыхы, эбегейсиз зор державанын өнүгүүгө карай жолдо аркалаган социалдык, саясий, экономикалык процесстер, маданий өзгөчөлүктөр менен таанышууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. 

Китеп Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин финансылык колдоосунда 2000 нуска менен чыгарылган. 

Жайлоодо ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жайлоо бала бакчалары быйыл да уланат
Ал эми конференцияга Кыргызстандын белгилүү илимпоздору, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, публицист-жазуучулары катышмакчы.

Иш-чара Бишкек шаарында 8-июнда Хусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. 

Мохандас Карамчанд Ганди (1869-1948) индиялык улуттук боштондук кыймылынын лидерлеринин бири, анын идеологу. Гандинин идеялары Индиянын миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук аң-сезимдин өсүшүнө, конфессиялар аралык аралык диалогго, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0