"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз

Жазылуу
Кыргыздардын кенже эпосторунун бири "Курманбек" ары трагедиялуу, ары жарык чыгарма. Бекеринен атактуу Реми Дор аны назиктик менен каардуулук, балалык таза сезимдерге толгон чыгарма деп айтпаса керек.

"Курманбек" XVI–XVIII кылымдагы тарыхый окуя менен тагдырды баяндаган эпос. Ал Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында "калмак доору" деп аталып, эл эсинде, оозеки чыгармачылыгында катаал кезең болгон XVI–XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга жана Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип жаралган чыгарма. Шарттуу түрдө окуя Чыгыш Түркстан (Кашкар, Жаркент, Кара Шаар-Камбыл), Афганистан, Орто Азия (Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) аймактарында өткөндүгү айтылат. Чыгармада Курманбек баатырдын жашаган аймагы, коңшу хандыктар менен түзгөн алакасы, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштары, достук, сүйүү, ата-бала мамилеси, ишеним жана анын жоголушу, үмүттүн учугу, жашоонун уланышы айтылат. Мында калмактарга каршы күрөш чагылдырылган. 

Озеро Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
"Жеңишбек" поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы
Курманбектин "калмак доорунда" жашаган тарыхый инсан экендиги башка тарыхый булактарда да кездешет. Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып, чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга каршы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот. 

Чыгармадагы элдик баатыр Курманбектин Ата Журт, Ата Мекен эгемендүүлүгү, азаттыгы үчүн аң-сезимдүүлүк менен өлүмгө жалтанбай барган эрдиги азыркы кыргыз коомунда да өзүнүн маани-маңызын жоготпой келет.

Эпостун үч варианты. Биринчи вариантын Каюм Мифтаков 1923-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алган. Көлөмү 2500 сап ырдан турат. Эпостун экинчи вариантын 1933-жылы Калык Акиев жазып тапшырган. Көлөмү 5500 сап. Үчүнчү варианты 1958-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган Каландаровдон жазылган. Көлөмү 360 сап. 

Реми Дор берген баа — каардуулук менен назиктик айкалышкан чыгарма. Франциялык белгилүү түрколог, Париждеги Түркологиялык изилдөөлөр институнун директору, филология, этнография илимдеринин доктору Реми Дор "Курманбек" баш болгон "Олжобай менен Кишимжанга" чейинки чыгармаларды "бул ырларда оройлук менен каардуулук, наристе балдарга тийиштүү назиктик менен тазалык айкалышкан сезим жык" деген баасын берген. 

Эпостон жаралган чыгарма. 1942-ж. элдик варианттын негизинде баатырдык "Курманбек" драмасы, Касымалы Жантөшевдин "Курманбек" драмасы, Аалы Токомбаевдин "Курманбек" аңгемеси бар. 

Улуттун жүзү болгон акындар оозанган дастан. Тууганбай Абдиев, Бейшекүр уулу Айдараалы (Айдараалы Жөргөлөк), Осмонкул Бөлөбалаев, Жусуп Мамай, Молдобасан Мусулманкулов, Сарыкунан Дыйканбай уулу, Токтогул Сатылганов сыяктуу залкарлардан тарта азыркынын дастанчы акындарына чейин айтып келишет. Алардын арасында Роза Аманова, Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова бар.

Андан сырткары, эстарда ырчылары да дастандын ыргагын, ырдоо мотивин сактап, бирок азыркы эстраданын ыгына салып аткарып келишет. 

Тайлак баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм
Аккан — достуктун жаркын мисалы. Курманбек менен Аккан Манас менен Алмамбеттин достугун эске салат. Бул эки инсандын достугу кийинки эле XVI–XVII кылымдардагы эки тарапты, эки элди байланыштырып, аралыкты аттап өткөн акыреттик мамилелердин белгиси катары баалоого болот. Жоодон бели мертинип, кырк жигити кыйгап өтүп, өзүнүн атасынан ажалга түртүлгөн, канаты болгон тулпары Телторусуз кор болгон Курманбек ай-талаада жарадар болгон учурунда кашгарлык досу Аккан үстүнөн чыгат. Курманбекти аман алып калыш үчүн жан-алакетке түшөт. Курманбек ажал тапса, өзүнө канжар уруп, досунун артынан кетүүгө даяр турушу чыныгы досчулуктун үлгүсүн түзүп, угуучулардын ички сезимин козгойт. Бул эпизод дастанды комуздун коштоосунда уккан адамды кайдыгер калтырбаган учурлардан. Аны уккан көкүрөгү көр киши да досчулуктун бул улуулугуна таң бербей коё албайт.

Курманбек талаада каза болуп бара жатып, досу Акканга керээзин айтат…

Атам какбаш ат бербей, 
Калдым кара талаага, 
Менден салам айта бар, 
Каралдым жалгыз балага. 

Сенин таза жаныңа 
Жарадар жаным садага. 

Кызыл жорго тайыңды 
Мине турган алым жок; 

Кызыл кымкап шайыңды 
Киерге бүтүн далым жок…
… Эл-журтума мен жактан 
Айтып өт досум саламды. 

Ардактап жакшы багып ал,
Аркамда жалгыз баламды…

Жарым миң жылдыкты карыткан "Курманбек". 2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленди. Жалал-Абад шаарынын кире беришинде "Курманбек" – кылымдар мурасы" аталган эстелик комплекс – дарбаза курулган.

Материалга УИАнын илимий кызматкери Орунбай Ахмедовдун эмгектери пайдаланылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0