Атай Өмүрзаков өзүнүн "Адем" тобу менен Словакиядагы сынакка катышууда

© flickr.com / Thomas QuineСловакиянын желеги. Архив
Словакиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийчилер бул ирет ниндзялардын образын жаратты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бийчи Атай Өмүрзаков жана анын "Адем" командасы "Чехия жана Словакия таланттарды издейт – 2016" аттуу эл аралык конкурсуна катышып жатканын Өмүрзаков өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Cesko Slovensko Ma Talent 2016 конкурсу Словакиянын баш калаасы Братиславда өтүп жатат. Алар бул жолу ниндзялардын образын роботтордун кыймылы менен жаратышты.

Фото опубликовано Atai Omurzakov Tumar KR Adem (@atai_tumar.kr_adem) Июн 5 2016 в 3:15 PDT

Аталган конкурска буга чейин 2013-жылы "Тумар КР" тобу да катышкан.

2011-жылы Атай Өмүрзаков дал ушул конкурста жеңүүчү болгон. Анын бийине калыстар тобунун айрым мүчөлөрү көзүнө жаш алган. Ал Wall-E мультфилиминдеги каармандын образын жараткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0