"Куюн доор". Жазуучу Олжобай Шакир жаңы романын тартуулайт

Жазылуу
Романда кыргыз элинин XIX кылымдын аягы жана XX кылымдагы башынан кечирген тарыхы чагылдырылган.

БИШКЕК, 8-июн. —Sputnik. Белгилүү акын, жазуучу жана журналист Олжобай Шакир "Куюн доор" деп аталган романынын бет ачарын тартуулай турганын автор өзү билдирди.

Анын айтымында, чыгарма эки жылдын аралыгында даяр болгон. Романда кыргыз элинин XIX кылымдын аягы жана XX кылымдагы башынан кечирген тарыхы чагылдырылат.

"Ак падыша, Үркүн, Совет бийлигинин орношу, Ата мекендик согуш, 30-жылдардагы ачкачылыктан улам ооп келген казактар — ушул окуялардын баары тарыхый фактылардын негизинде берилди", — деди жазуучу.

Көркөм чыгарманын бет ачары бүгүн, 8-июнь күнү улуттук филармонияда саат 18.00дө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0