"Алыстагы ак жарык". Нарсулуу Гургубаева поэзия сүйүүчүлөрдү чакырат

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ырлар кирген китептин бет ачары 13-июнга белгиленген.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкекте белгилүү акын Нарсулуу Гургубаеванын "Алыстагы ак жарык" аттуу китебинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы Азамат Болгонбаев билдирди.

Анын айтымында, кече 13-июнь күнү саат 16.00дө Улуттук китепкананын чоң залында өтөт.

Буга чейин Гургубаева поэзия сүйүүчүлөрүнө өзүнүн ырлары менен белгилүү. 

Бардык каалоочуларга эшик ачык экенин уюштуруучулар билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0