Эл аралык сынакта кыргызстандык ырчы окуучулар алтын медаль тагынышты

© Фото / пресс-служба министерства культуры, информации и туризмаКазакстанда өткөн VI эл аралык "Тоо күнү" фестивалында кыргызстандык вокалисттер биринчи орундарды багындырып келишти
Казакстанда өткөн VI эл аралык Тоо күнү фестивалында кыргызстандык вокалисттер биринчи орундарды багындырып келишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль 3-5-июнь аралыгында Алматы шаарындагы "Тоо күнү" балдар лагеринде өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Казакстанда өткөн VI эл аралык "Тоо күнү" фестивалында кыргызстандык вокалисттер биринчи орундарды багындырып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Фестиваль 3-5-июнь аралыгында Алматы шаарындагы "Тоо күнү" балдар лагеринде өткөрүлгөн. 

"КМШ өлкөлөрүнөн миңге жакын бийчи, ырчы мектеп окуучулары чогулушту. Кыргызстандан ар кайсы жаш курактагы үч окуучу кыз барып, үчөө тең биринчиликти алып келишти", — деп айтылат маалыматта. 

Вокал багытында жеңүүчү аталган Айдана Элмирова, Вероника Жайнакова жана Гүзаль Бейшенбаева алтын медаль тагынып кайтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0