Келечектеги кино жылдыздары үчүн "Карек" кинофестивалы өтөт

Жазылуу
Кинофестивалга 6-17 жаш аралыгындагы мектеп жана колледж окуучулары катыша алат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу балдар жана жаштарга арналган республикалык "Карек" аттуу кинофестиваль өткөрүлөт.

Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сырдуу Сафед-Булан комплекси тууралуу тасманын бет ачары болот
Иш-чара Тарых жана маданият жылы менен кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган. 

Биринчи кинофестивалдын темасы — "Бул менин дүйнөм!". Фестивалга кинематографияга кызыккан 6-17 жаш аралыгындагы бардык окуучулар катыша алышат. 

Ал үчүн 10 мүнөттүк кыска метраждуу фильмди mov, mp4, m4v, mpeg форматында тартуу керектелет. Каалагандай камерага тартса болот (планшет, телефон). Тасманы комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, фантастика, анимация жана документалдык — каалаган жанрда тартууга жол берилет. 

Сынак 6-12 жана 13-17 жаштагы категорияда өткөрүлүп, тогуз номинациядан турат:

  • Мыкты оюндук фильм;
  • Мыкты анимациялык фильм;
  • Мыкты документалдык фильм;
  • Мыкты режиссер; 
  • мыкты сценарист;
  • Мыкты оператор;
  • Мыкты жаш актер;
  • Мыкты жаш актриса
  • Мыкты монтажер. 

СССР Эл артисти, КР Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
СССР Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачылык кечеси өтөт
Жеңүүчүлөргө статуэтка, диплом жана белектер ыйгарылат. Эң мыкты аталган фильмдер эл аралык кинофестивалдарга жөнөтүлөт. Жеңүүчүлөр кийинки кыска метраждуу фильмин тартуу үчүн ар тараптуу колдоого ээ болушат. 

Мындан тышкары, жаш кинематографтар республиканын аймагында өздөрү тарткан тасмаларын кинотеатрларда элге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бардык катышуучулардын тасмалары YouTube каналына да жүктөлөт. 

Катышуучулардын билдирмелери 2016-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 2016-жылдын 15-ноябрында өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0