"Алымбек датка" тасмасынын сценарийине сынак жарыяланды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сынакка арыздар кабыл алынып жатат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кинематография департаменти "Алымбек датка" толук метраждуу тасмасынын сценарийи үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саякбай манасчынын өмүрү жана чыгармачылыгы камтылган энциклопедия жарык көрдү
Маалыматка ылайык, сынакка катышуучулардан арыздар 30-июлга чейин кабыл алынат. Ал эми 1-августтан тартып 15ине чейин көркөм кеңеш сынактын жыйынтыгын чыгарат. 

Сынактын жеңүүчүсү жазылган сценарийдин негизинде толук метраждуу тасма тартууда автордук укукка ээ болот.

Алымбек датка — XIX кылымдын орто ченинде журттун камын жеген чыгаан саясатчы. Айтылуу Курманжан датканын күйөөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0