Токтоболот Абдымомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасы жөнүндө жети факты

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театры. Архив
Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, драматург, кинодраматург, жазуучу Токтоболот Абдымомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасы туурасында 7 фактыны сунуштайбыз.

"Абийир кечирбейт" — адам абийири тууралуу, ушак-айыңдын айынан бузулган уя, кыйраган турмуш, талкаланган тагдыр жөнүндө баяндаган драмалык чыгарма. Ал адам жашоосундагы актуалдуу маселелерди козгоп, алардын өз ара мамилесин, сүйүүсүн, күрөшүн, достугун даңазалайт. Карама-каршы пикирлерди — сүйүү менен жек көрүүнү, ишеним менен чыккынчылыкты көрсөтүп берет. Драматург интеллигент жаштардын ички дүйнөсүн, психологиясын, нравалык, адамдык сапаттарын ачууга далалаттанат. Автор көбүнчө моралдык-этикалык тарапка басым жасаган. Драмада жаш врач Нурдиндин психологиясына кеңири анализ берилип, чыгарманын сюжети башкы каарман Нурдиндин кыймыл-аракетине, кылык-жоруктарына, психологиялык толгонууларына тыгыз байланыштуу өнүгөт. Ошону менен катар дарыгерлер Масадык, Нияз, актриса Шайыргүлдөрдүн ички дүйнөлөрү талданат.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков Чыңгыз Айтматов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тоо арасында" романы жөнүндө жети факты. Окурман сүйгөн апенди чалыш Ыманбай
Автордун эң ийгиликтүү чыгармасы. "Абийир кечирбейт" Абдымомуновдун драматургиясындагы эң ийгиликтүү жазылган чыгармасы деп эсептелет. Бул туурасында кезегинде бир топ адабиятчылар, театр таануучулар баасын берген. Кыргызстандагы театр сынчыларынан тышкары Москвадагы "Театр" журналынын башкы редактору Рыбаков бул драма менен кыргыз театры өзүнүн өнүгүшүндө туура жолдо тургандыгын айткан.

"Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" чыгармасы менен театрдын алдында жаңы көркөмдүк милдеттерди койгон драматург экендигин көрсөттү", — деп белгилеген ал 1965-жылы. 

Сыясы кургай электе сахнага чыккан. Драма 1962-жылы жарык көрүп, дароо эле сахналаштырылган. Ошол жылдардан тарта дээрлик он жылга чукул театрлардын репертуарларынан түшкөн эмес. Кезегинде Кыргыз мамлекеттик драма театрынан тарта башка театрлардын далай актер менен актрисаларынын багын, дараметин, талантын ачкан чыгарма болгон.

15 жыл ичинде 400 ирет коюлган. "Абийир кечирбейт" — Кыргызстанда, Москвада жана ошол кездеги советтер союзунун бир катар шаарларында көрсөтүлгөн. Ал эми 1977-жылы анын 400 жолу коюлган юбилейи майрамдалган.

Кырктын кырындагы чыгарма. Көптөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзып, кезегинде театрларда аншлаг менен коюлган чыгарманы автор 40 жашында жазган. Андан уламбы, айтор, драма авторго психологизмдин жаңы ыкмаларын, жолдорун табууга мүмкүндүк берген.

Түндүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз
"Саманчынын жолу" менен окшоштугу. Драма окуянын бүткөн жеринен башталат. Кыргыз адабиятчылары айрым бир көркөм формаларды, каражаттарды чебер колдонуу жагынан Абдумомуновдун бул чыгармасы менен Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин окшоштугу бар экендигин айтып келишет. Анда Толгонай да өз башынан өткөргөн турмуштук көрүнүштөрдү өзү баяндап берет. Ал эми "Абийир кечирбейт" драмасынын жанрдык формасы да психологиялык драма-монолог деп белгиленген кыргыз адабияты боюнча эмгектерде.

Соңку ирет аны журналист-режиссер койду. Акыркы жолу "Абийир кечирбейт" режиссер жана журналист Аманбек Жапаровдун эмгеги менен драматургдун ысымы берилген, тагыраагы, Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрынында 2012-жылдын апрелинде сахнага коюлду. Театрдан драманын "үчүнчү жолу жаңыртылып коюлуп жаткандыгын" белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0