Кыргызстан кинө өнөрү жаатында Корея менен кызматташат

© AFP / JUNG YEON-JEТүштүк кореянын желеги. Архив
Түштүк кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматташуунун алкагында кореялыктар менен биргеликте даректүү тасмаларды тартуу, көргөзмө уюштуруу, маданий мурасты жайылтуу иш-чараларын өткөрүү маселелери ортого салынды.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргыз кинематографисттери ЮНЕСКОнун өкүлдөрү менен жолугуп, Корея менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу сунушун талкуулашты. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы Рио-де-Жанейродо көрсөтүлөт
Маалыматка ылайык, кызматташуу кино өнөрү болмокчу. Мындан тышкары, кийинчерээк даректүү тасмаларды тартуу, көргөзмө уюштуруу, маданий мурасты жайылтуу иш-чараларын өткөрүү маселелери ортого салынды.

Жолугушууга кыргыз тараптан Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Гүлмира Керимова катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0