БИШКЕК, 21-июн— Sputnik. Тарых жана маданият жылында өтүүчү чоң иш-чаралардын бири Тайлак баатырдын 220 жылдыгы 30-июль күнү Соң-Көл жайлоосунда өтөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттик дирекция Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракесине карата театрлаштырылган иш-чарага даярданып, ага КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Эгемберди Чалабаев режиссерлук кылууда.
Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Аны болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип,1838-жылдары каза болгон деп айтып келишет. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.
Буга чейин Тайлак баатырдын 220 жылдыгы Баетов айылындагы "Бермет-Жал" ат майданында өтөрү туурасында маалымдалган.
Блогер кыз болгону 18 жашта, учурда Ош шаарында жашайт. Ал окуусун таштап блогер болууну чечкен. Жеке баракчасындагы катталуучулары миллионго жеткенде муктаж үй-бүлөгө батир белек кылуу ниети бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы селсаяктарды сулуулап таанымал болгон бийкеч менен маек курду.
— Социалдык тармакта алгач кайсы видеоңуз менен таанымал болдуңуз?
— Көчөдө кайыр сурап отурган байке менен эжени сулуулап көрсөткөн видеом элге көбүрөөк жакты окшойт. Tik Tok тармагында 2 миллион көрүүчү топтоду. Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да абдан популярдуу болуп кетти. Казакстандан да көп көрүшөт. Алардын блогерлери менен да иштешип турам. Андан сырткары, россиялык көрүүчүлөрүм да бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Селсаяктар менен иштешүү коркунучтуу эмеспи, туугандары көрүп калса маселе жаралбайбы?
— Чындыгында коркунучтуу, чочулайсың. Анткени алар көбүнчө спирт ичимдигин ичип алышат эмеспи. Ошондуктан дайыма жаныма оператор менен кошо досторумду да алып алам. Лөлүлөрдүн айылына барып, аларга шириндиктерди таратканда коопсуздук кызматкерлерин да чакырганбыз. Тилекке каршы, алар келе алышпай, өзүбүз эле барганга туура келген.
Бир байкени жасандырып видеосун чыгаргандан кийин "мен анын кызымын" деп бирөө коркуткан. Көчөгө чыккандан кооптонуп жүргөн күндөр да болду. Кийин ал жоголуп кетти.
Негизи ар кимди өзүнүн уруксаты менен тарткандыктан, эч кандай маселе жаралбашы керек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Селсаяктарды видеого түшүп берүүгө кантип көндүрөсүз?
— Алдын ала ар бири менен келишип алам. "Бир эле мен эмес, башкалар да көрүп сиздерге жардамга кол сунушу керек" десем сүйүнүү менен макул болушат. Лөлүлөр менен макулдашуу мен үчүн кыйын болду. Анткени алар көп жана тили да башкача. Анан айыл башчысы менен сүйлөшүп түшүндүрүп, араң тартып келгенбиз.
— Өзүңүз эч жерде иштебесеңиз каражатты кайдан аласыз?
— Башында ата-энемден акча алып жүрдүм. Азыр баракчаларымдан тапканым өзүмө жетет.
— Эмне себептен үй-жайсыз адамдар менен иштөөнү чечтиңиз?
— Алар жөнөкөй эле тамак-ашты көргөндө, жегенде чоң нерсе бергендей көзүнө жаш келип, аябай кубанышат. Биз барктай албаган нерсеге ушунчалык сүйүнгөнү мага жагымдуу эмоцияларды жаратат. Эгер дагы чоңураак нерсе тартууласа, кандай абалда болушары мага кызык. Ошон үчүн да жардам берүүгө ынтызар болуп турам.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Сиз кийиндирип, тамактандыргандан кийин аракет кылып өзгөргөндөрү болдубу?
— Кээде аларды көчөдөн көрүп калам. Бир ирет эле жакшы тамактантып, кийиндирип коюу менен өзгөртүү кыйын. Аларга көп адам бир нече жолу көмөктөшүшү керек. Азырынча бирөөсү менен жашоосу өзгөргөнгө чейин алектене элекмин. Буюрса, андай да планым бар.
— Муну хайп үчүн эле тартат дегендерге кандай жооп берер элеңиз?
— Эгерде хайп үчүн тартсам, менин катталуучуларым мындан бир топ эле көп болмок. Анткени хайп үчүн темалар аябай көп жана белгилүү болууга эң оңой жол. Хайп элдин жинине тийген, ызы-чуу жарата турчу нерсе. Ага эмгек кылып деле кереги жок. Мен хайп жок эле өз эмгегим менен жакшы контенттерди, ар кандай идеяларды жаратуу менен көтөрүлгүм келет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Tik Tok менен Instagram тармагынан кантип канча каражат табасыз?
— "Иштесең, тиштейсиң" дегендей эле эмгегиңе жараша каражат табасың. Мен 24 саат убактымды ушул нерсе менен өткөрөм десем болот. Эң негизгиси, жакшы видеолордун артынан көрүүчүлөрдү топтоп, жарнама жүктөп, гив уюштуруп жана башка жолдор менен каражат табам. Таң атканча уктабай идеяларды ойлоп, пландаштырып чыккан күндөрүм болот. Кээде жумалап бир контенттин артынан чуркайм. Эс алууга барамбы же башка жаккабы, сөзсүз видео тартып баракчама киргизем. Жадагалса үйгө конок келип бошой албай жатсам да убакыт таап, "сториске" бир нерсе бөлүшөм. Ошолордун натыйжасында айына орто эсеп менен 200 миң сомдой каражат табам.
— Кандай контенттердин үстүндө иштейсиз? Аудиторияңыз үчүн жоопкерчиликти сезесизби?
— Албетте, өзүмө жаккан, ошол эле учурда элге пайдасы бар видеолорду жарыялагым келет. Көбүнчө коопсуздук маселесин да чагылдырган, аялдардын укугун коргоо боюнча видеолорду тартам. Эч качан туура эмес багытка үндөгөн видео жарыялабайм. Аудиторияма жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Мени менен иштешкендер да жоопкерчиликсиз мамиле жасашса уруша кетем.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Блогерликти кесип катары кабыл аласызбы?
— Менден сурагандарга кесибим блогер деп жооп берем. Башка кесиптердей эле бул тармакка да кызыгасың, өз алдыңча изилдейсиң, тажрыйба топтойсуң. Кээде моралдык жактан чарчап, энергия кетирип негативдерге чыдашың керек болот. Ошондо натыйжа чыгат. Негизи эле 15 секундалык видео тартып чыгарыш да оңой-олтоң иш эмес. Башка блогерлердин негизги кесиби бөлөк, блогерликти кошумча жумуш катары гана кабыл алышат. Мен баарын таштап, атайын ушул тармакта иштейм деп бел байлагам. Мурда бизнес-менеджмент адистигине окуп жаткам, аны сырттан окууга которум салдым. Башында ата-энем каршы болду, аларды да ынандырдым.
— Ата-энеңиз кантип макул болушту, дегеле алар эмне менен алектенишет?
— Башында аябай эле каршы болушкан. "Баарын жыйыштыр, андан көрө сага өзүбүз башка бизнес ачып берели" деп да жүрүштү. Мага ушул жумушум жагат, өзүм иштеп каражат табам деп көгөрүп туруп алдым. Азыр бир аз түшүнүп калышты, туура эмесин айтып, идеяларын да сунуштап калышат. Алар бизнес менен алек. Ош шаарындагы магазиндерге товар берип иштешет. Мен үйдө улуусумун, эки иним мектеп окуучулары.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Жаш, сулуу кыздардын артынан чуркаган жигиттер көп болот эмеспи. Жеке жашооңуз тууралуу сурабай койсок окурмандар бизди кечирбейт болуш керек.
— Чындыгында 18 жашка чыккандан баштап баракчама жазган жигиттердин саны арбыды. Аларды такыр ачып окубайм, аябай көп, кантип жетишмек элем (күлүп). Менин кыялымдагы жигит адекваттуу, маданияттуу, максатын так билген жана аракетчил болушу керек. Азыр андай мырзага жолуктум же кезиге элекмин деп айта албайм. Жеке жашоо жеке бойдон калсын дейли...
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык убакыттан кийин "Ак Мөөр" опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Премьерага президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер Артем Новиков, өкмөт мүчөлөрү жана жалпы коомчулук катышкан.
Каармандардын формалары жаңыртылып, чыгармачыл курам дагы өзгөртүлгөнү айтылат.
Ак Мөөрдүн ролун Айзирек Момунова, Болотту Тилек Найманбаев, Жантай ханды Кайымбек Кускаков, Күлүйпаны Гүлнур Ниязбаева аткарган.
Министр Кайрат Иманалиев соңунда чыгармачыл жамаатка опера-дастанды жогорку деңгээлде эл алдына алып чыккандыгын өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдирген.
Эске салсак, "Ак Мөөр" опера-дастаны алгачкы жолу кыргыз сахнасында Керим Турапов Болоттун, Эсенбүбү Нурманбетова Ак Мөөрдүн ролун аткарышып элге тартууланган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.