"Ак шооланын" сахна артындагы жашоосу тууралуу тасма тартууланат

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүХор ырдап жаткан окуучулар. Архив
Хор ырдап жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр жыл аягында айтылуу хор өзүнүн 30 жылдыгын кеңири масштабда белгилеген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө белгилүү балдар хору тууралуу "Ак шоола. Көшөгө артында" аттуу тасманын бет ачары болорун Кинематография департаменти билдирди.

Көлдүн жээгиндеги боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Таластан чыккан Жеңижок, таймашаарга теңи жок
Маалыматка ылайык, 27 мүнөттүк тасма бүгүн, 25-июнда көрсөтүлөт. Мында хордун сахна артындагы күнүмдүк жашоосу чагылдырылып, мугалимдердин, ата-энелердин ырчы балдары, жалпы хор тууралуу маеги берилген.

Тасмага Чолпонай Бөрүбаева режиссерлук кылган. 

Эскерте кетсек, өткөн жылдын соңу менен "Ак шоола" хору өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0