Хабаровск шаары. Архив

Бачата-руэда боюнча бийчилер Россияда рекорд коюуга нитеттенип жатат

(жаңыланган 13:54 25.06.2016)
Бийчилер бачата-руэданы суунун жээгинде аткарышып, ага 50 жуп катышат,

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Хабаровск шаарында эл көп чогулуп, бачата-руэда бийлөө боюнча рекорд коюуга ниеттенип жатышат. 

Уюштуруучулардын бири Валерий Мельнийчуктун айтымында, руэда жуп-жуп болуп бир нече адамдар чогулуп алып аткарыла турган бий.

"Бийчилер бачата-руэданы суунун жээгинде аткарышат. Ага 50 жуп катышат, бул Россиянын рекорд коюусу үчүн жетиштиүү сан болот",— деп айтты уюштуруучулардын бири Мельнийчук.

Анын айтымында, бул сапар бий боюнча Хабаровск шаарында алтынчы ирет рекорд коюлмакчы. Буга чейин Россияда ча-ча-ча, бачате, меренге, свинг, сальса-руэда боюнча беш ирет рекорд коюлса, Гиннес китебине 2012-жылы бачата жана 2013-жылы меренге боюнча рекорд жаратып катталышкан.

Белгилер:
рекорд, бачата, бий, Хабаровск
Тема боюнча
Бачата, кизомба… Бишкекте ачык асмандын алдында жүздөгөн киши бийледи
"Шаттык" бий ансамбли Кувейттеги фестивалга барат

Улуттук банк Жусуп Баласагын тууралуу ролик тартты. Видео

(жаңыланган 00:31 22.04.2021)
Кыргызстандын Улуттук банкы Facebook социалдык тармагына улуу ойчул Жусуп Баласагын тууралуу ролик жарыялады.

Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.

Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.

Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.

Белгилер:
ролик, Жусуп Баласагын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү

(жаңыланган 18:41 21.04.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.

Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.

"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.

Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.

1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.

Белгилер:
таберик сүрөт, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат