Айдар Акаевдин мурунку жубайынын тасмасы Москвада көрсөтүлдү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү"Энеге карай жол" тарыхый драмасынын актерлору
Энеге карай жол тарыхый драмасынын актерлору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Энеге карай жол" тарыхый драмасына Алия Назарбаева продюсерлик кылган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Москва эл аралык кинофестивалынын "Спектр" программасынын алкагында "Энеге карай жол тарыхый драмасынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Новости-Казакстан агенттиги кабарлайт. 

Эске сала кетсек, тасмага Казакстан президентинин кызы Алия Назарбаева продюсерлик кылса, Акан Сатаев режиссеру болгон. Ал эми башкы ролду Адиль Ахметов менен Аружан Жазильбекова ойногон. 

Анткен менен башкы продюссер Алия Назарбаева тасманын бет ачарына келе алган жок. 

"Кинодо камтылган тагдыр өтө жөнөкөй жана жеткиликтүү. Анткени бул окуялар эч кимге чоочун эмес. Жашоодон алынган тасма сиздерди кайдыгер калтырбай, Казакстандын кооз жерлери, каада-салттары өзгөчө таасир калтырат деген ойдомун. Бет ачар аземде сиздер менен бир катарда болбосом да, бул жакта жакшы үмүт менен отурам", — деп жазылат Назарбаеванын кайрылуусунда. 

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
Тасмада коллективдештирүү доору баяндалат. Анда Ильяс аттуу жигит турмуштун оор соккуларына туруштук берүүгө аргасыз болот. Кыйынчылыкты жеңүүгө бир гана үмүт — энеси менен жолугуучу күн жардам берип турат. 

Кинонун Казакстандагы бет ачары 8-сентябрга пландалууда. 

Алия Назарбаева Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин мурунку келинчеги болгон. Алар 1998-жылы баш кошуп, үч жылдан кийин ажырашып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0