Улуттук кийим кийген жаштар. Архив

"Астана Архау" фестивалында Манас айтылып, комуз күүсү жаңырды

Кыргызстандын атынан фестивалга белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков, музыкант Нурбек Серкебаев катышууда. Ал эми жүздөгөн өнөрпоздун башын бириктирген бул иш-чараны Назира Айтбекова түрт тилинде алып барууда.

БИШКЕК, 5-июл.— Sputnik. Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан "Астана Архау" салттуу түрк музыкасынын IX фестивалына Кыргызстандын атынан манасчы Дөөлөт Сыдыков менен аспапчы Нурбек Серкебаев катышып жатат. Бул тууралуу аталган өнөрпоздор билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүүчү иш-чара кечээ, 4-июлда баштаган. Фестиваль түрк тилдүү элдердин өнөрпоздорунун башын бириктирди. 

"Фестивалды Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Атан Абдуали менен белгилүү кыргызстандык алып баруучу Назира Айтбекова алып барууда", — деди Сыдыков.

Ири маданий иш-чара үч күнгө созулуп, эртең, 6-июль күнү аяктайт.

Белгилер:
фестиваль, Назира Айтбекова, Нурбек Серкебаев, Дөөлөт Сыдыков
Тема боюнча
Шырдак фестивалынын мөөнөтү июль айына жылды
Төкмө акын Амантай Кутманалиев

Атама 20 жаштан өтүп жолуккам. Саргашка акын Амантай Кутманалиев менен маек

(жаңыланган 17:24 20.04.2021)
Бүгүн кыргыздын ак таңдай акындарынан жаштайынан сабак алып, аларды устат туткан Амантай Кутманалиевдин туулган күнү. КРдин эмгек сиңирген артисти мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган.

Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.

— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачбагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган

— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?

— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.

Филармонияда кезиккен соң көпкө чейин амандаша албай, таштап кеткен дарегине бара албай жүргөм. Бир күнү кайтыш болуп калганын филармонияда иштегендер угузушту. Атамдын байбичесинин улуу баласы менен сүйлөшүп, ага атамды өзүмдүн айылыма алып барып жерге береримди шак эле айттым. Андан соң эмне кыларымды билбей апама чалып угузуп, ал кишини көндүрүш үчүн "атамды Кара-Балтада акыркы сапарга узаталы деп жатышкан экен. Анан мен өзүм акын болом деп жүрсөм, кийин бир акын менен айтышып жатканда "сенин атаңдын сөөгү талаада калган" десе мен эмне кылам деп апамды эптеп көндүргөм. Атамды Таласка айылга алып барып жерге берип, аксакалдардын алкоо сөздөрүн уккам.

— Апаңыз дагы акылман жан экен да...

— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да

— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?

— Биздин айылга Эстебес Турсуналиев концерт коюп барып, менин чымынымды байкап филармонияга чакырган. Эстекем дегенде бүт айыл клубга түп көтөрүлө барчу. Мен ал кезде комуз билчү эмесмин. Концерт бүткөндөн кийин мени сахнанын артындагы бөлмөгө агам жетелеп барды. Устатым ырда деди, мен адатымча эле көзүмдү жумуп алып ырдап кирдим. Соңунда төкмө акын "мына бул балаңарды сөзсүз борборго алып келгиле, бирдемеси бар экен. Армияга чакырып кетсе ысык-суукта үнү, ою өзгөрүп кетиши мүмкүн, сөзсүз алып баргыла" деп айылдын клубуна табыштап кеткен. 1987-жылдын аяк ченинде Фрунзеге келип шак эле филармонияга жумушка алынгам. Ал жылдары улуу муундун өкүлдөрү Замирбек Үсөнбаевден кийин эл арасынан жамактап, оюнан чыгарып ырдаган балдар чыгабы деп караштырып жүрүшкөн экен.

— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?

— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.

— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?

— Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам. Алар бизге "балдар, силердин оозуңарга ыр салып бере албайбыз, өзүңөрдүн ары жагыңарда бир нерсе болуш керек. Бизден ырдоо манераны, акындык обондорду, тарых, санжыраны гана ала аласыңар. Шакирти устатына аябай окшош болбошу керек. Сабак алган адамдарынын көлөкөсүндө калып калат. Бир эле адамды устат катары көрүү туура эмес" деп калышчу. Биз ошол залкарлардан үйрөнгөнүбүздү азыр колдон келишинче жаштарга берип жатабыз. Азыр арабызга таланттуу жаштардын кошулуп жатканына абдан сүйүнөм. Бүгүнкү күндө 30-40тай акын бар. Ар бири өзүнүн орду, салмагы, табылгасы менен айырмаланып турат. Мен филармонияга жаңы келгенде төрт эле төкмө калды, ошолор менен бул өнөр токтоп калабы деген сөздөр жүрчү.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам

— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?

— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.

— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?

— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.

Белгилер:
маек, төкмө акын, Амантай Кутманалиев
Тема боюнча
Ашыраалы Айталиевдин небереси: чоң атам футбол, бильярд ойночу, романтик эле
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси

(жаңыланган 13:31 20.04.2021)
  • Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары Ак таңдай сынагында тартылган.
  • 20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
  • Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
  • Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
  • Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
  • Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
  • Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
  • Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
  • Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
  • Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
  • 2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
  • Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
  • Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
  • Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
  • Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
  • Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
  • Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
  • Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
  • Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
  • Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
  • Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
Алп акын Элмирбек Иманалиев былтыр 20-апрель күнү дүйнө салган. Дал ушул күндөн тарта улуу таланттын экинчи өмүрү башталып, эл оозунан түшпөй келет.

Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.

Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.

  • Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары Ак таңдай сынагында тартылган.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.

  • 20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.

  • Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
    © Фото / предоставлено Асылбеком Маратовым

    Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен

  • Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
    © Фото / предоставлено Азаматом Болгонбаевым

    Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен

  • Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

  • Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели

  • Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.

  • Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.

  • Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.

  • Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.

  • 2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.

  • Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
    © Фото / предоставлено Нурзат Абдрашитовой

    Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.

  • Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
    © Фото / из семейного архива Иманалиевых

    Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген

  • Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
    © Фото / предоставлено Нурзат Абдрашитовой

    Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан

  • Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
    © Фото / предоставлено Нурланом Темирбек уулу

    Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен

  • Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
    © Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева

    Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон

  • Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.

  • Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
    © Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева

    Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.

  • Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
    © Фото / Нурзат Абдырашитова

    Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.

  • Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.

  • Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
    © Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулу

    Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.

Белгилер:
эскерүү, сүрөт, чыгармачылык, төкмө акын, Элмирбек Иманалиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...
Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов

Канатын жайып бийлегени кызык болду. Нарында төө куш баккан Турдукуловдун маеги

(жаңыланган 20:22 20.04.2021)
Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, жапайы кыргоол жана бөдөнө өстүрүүнү колго алган.

Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.

— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.

— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.

— Көбөйтүү жолу кандай болот?

— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.

— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?

— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.

— Кыял-жоруктары кандай болот экен?

— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.

— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.

— Ооба, учурда бөдөнөнүн үч түрүнөн 130ду багып жатам. Буюрса, миңге жеткирсем деген тилегим бар. Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экен. Айылда жумурткаларын атайын буюртма менен шаардан алдыртып ичкендер көп. Андыктан бул чарбачылыкты да өнүктүрүүнү туура көрдүм. Ошондой эле эки жапайы кыргоол алып келгем. Кийин бири өлүп калды. Азыр жумурткасына буюртма бергем, келип калса инкубаторго салып чыгарып алабыз.

— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?

— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.

— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?

— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.

Белгилер:
канаттуулар, кыргоол, бөдөнө, чарбачылык, мал, куш, төө, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Тема боюнча
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек