Алтайлыктар өздөрүнүн көчмөндөр оюнун өткөрүүгө ниеттенип жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк-бөрү оюну. Архив
Көк-бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат чабыш, көк бөрү, жаа атуу, күрөш жана дагы бир топ спорт оюндарынын түрү боюнча мелдеш "Спартак" стадионунда болот.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Тоолуу Алтайда 8-10-июль аралыгында улуттук оюндардын "Эл ойын — 2016" таймашы өтөт деп маалымдалды аталган республиканын өкмөттүк сайтында.

Алтайдын Россиянын курамына киргендигинин 260 жылдыгына жана өз алдынча республика болуп түптөлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган оюндар борбордук "Спартак" стадионунда өтөт. Иш-чара он-лайн режиминде көрсөтүлүп турат. Ал эми анын ачылышы улуттук театрда болот. 

Ат чабыш менен көк бөрү ат спорту боюнча мелдеш мектепте өтөт. Шаардык паркта көргөзмө уюштурулуп, борбордук аянтта чыгармачылык боюнча конкурстар өтөт. 

"Эл ойын" 1988-жылдан тарта жылына эки ирет өткөрүлүп келет. Улуттук оюндар учурунда ат чабыш, көк бөрү, жаа атуу, күрөш, алтай шашкилери, кодругу таш (оор салмакты) көтөрүү, тебек (лянги) жана көчмөн элдин башка оюндары боюнча таймаштар болот.

Байыркы замандарда бул оюндар учурунда уруулар ортосундагы тирешүү, уруштар токтоп, ал Борбор Азия элдеринин өзүнчө эле олимпиадасына айланган. 

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь аралыгында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 40 өлкөнүн спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0