X кылымга чейинки кыргыз жазуусу жөнүндөгү китеп жарык көрдү

Жазылуу
Китеп байыркы кыргыз тилине, анын тарыхый өнүгүшүнө кызыккан окумуштуу адистерге, деги эле кыргыз тилинин тарыхына кызыккандарга арналган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Улуттук Илимдер Академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Гүлжамал Жаманкулованын "Байыркы кыргыз тили" аттуу илимий монографиясынын бет ачары бүгүн өтөт. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди.

Китепте кыргыз жазууларынын тарыхы изилденип, башкача айтканда, байыркы замандардан баштап 10-кылымга чейин колдонулган кыргыз жазуулары каралган. 

Аталган китеп байыркы кыргыз тилине, анын тарыхый өнүгүшүнө кызыккан окумуштуу адистерге, аспиранттарга, тилдин тарыхы боюнча сабак берген жогорку окуу жайдын мугалимдерине, деги эле кыргыз элинин, кыргыз тилинин тарыхына кызыккандарга арналган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0