"ЮНЕСКО шедеврлеринин жолугушуусу" фестивалына манасчы Замирбек Баялиев катышууда

© Фото / Ринат МурзаевБелгилүү манасчы Замирбек Баялиев. Архив
Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль Якутиядагы "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарынын алкагында уюштурулган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Белгилүү манасчы Замирбек Баялиев Саха республикасында өтүп жаткан "ЮНЕСКО шедеврлеринин Олонхо жеринде жолугушуусу" аттуу эл аралык фестивалга катышып жатканын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Якутскдагы Азия балдары VI эл аралык спорт оюндарында Кыргызстан спортчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутияда Кыргызстандын желегин дзюдоист Дастан Сарбатов желбиретти
Маалыматка ылайык, фестиваль "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарынын алкагында уюштурулган. 

Иш-чара 2008-жылы негизделген. Быйыл аталган фестивалга 10 мамлекеттин ЮНЕСКО тизмесине кирген дөөлөттөрүн — кыргыздардан манасчылар, Кытайдан Куньцюй операсы, Индиянын "Рамаяна" эпосунун негизиндеги Бхаратанатьям бийи, кореялыктардын пхансори эпикалык ыры жана якутиялыктардын "Олонхо" эпосу катышууда.

Ал эми 6-июлдан 16-июлга чейин өтө турган эл аралык спорттук мелдешке 16 жашка чейинки 30 мамлекеттен келген үч миңден ашык спортчу күч сынашат. Кыргызстандын атынан спорттун 15 түрү боюнча 90 спортчу катышууда. Мелдеш жалпысынан спорттун 22 түрү боюнча өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0