Чыңгыз Айтматовдун энциклопедиясы чыкмай болду

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек 10 томдон туруп, аны чыгарууга демөөрчү издөө керектиги айтылды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Илимдер академиясында улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жана өмүр жолунун урунттуу учурларын камтыган энциклопедиянын долбоорун даярдоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган академия кабарлады.

Талкууга Айтматовдун чыгармачылыгы менен өмүр жолун изилдеп жүргөн окумуштуулар, журналисттер, адабиятчылар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сүрөттүн тарыхы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!
Академик Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун чыгармаларынан энциклопедиясы жазуучунун ата-теги, үй-бүлөсүнө арналган материалдарды, анын чыгармалары жөнүндө конкреттүү анализдер, публицистикалык материалдары камтылышы керектигин айтты. Андан сырткары, Айтматовдун маектери, чыгармаларындагы каармандардын прототиптери, эмгектерин баскан басылмалар, чыгармаларындагы адам аттары, мектеп программасындагы орду, Айтматовдун сүрөт искусствосундагы орду сыяктуу темаларды да четте калбашы белгиленди. 

Акматалиевдин айтымында, бул тематикалар сунуш-пикирлерге жараша өзгөрүшү толук мүмкүн. 

Жыйында энциклопедия 10 томдук болуп чыгаары, аны чыгарууга демөөрчү издөө керектиги айтылып, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтерине өтүнүч каттар жөнөтүлгөнү кабарланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0