Кытайлар Москвада "Манас баатыр" аттуу бий тартуулашат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы "ЗИЛ" маданий борбору. Архив
Москва шаарындагы ЗИЛ маданий борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай артисттери кыргыз эпосунда айтылган тарыхты бий аркылуу көрсөтүүгө аракет жасашат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва шаарындагы "ЗИЛ" маданий борборунда "Манас баатыр" аттуу бий тартууланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиянын Дели шаарында Манастын айкели тургузулмай болду
Бийдин мазмунунда "Манас" эпосунун мааниси камтылып, 2016-жылдын 1-августунда көрсөтүлөт.

Бий чыгармасы Уси шаарынын Цзянсу провинциясындагы театралдык компаниянын артисттери менен "Ахеч" ыр жана бий ансамбли тарабынан даярдалган. 

Кытай артисттери кыргыз эпосунда айтылган тарыхты бий аркылуу көрсөтүүгө аракет жасашкан. Иш-чарага кирүү акысы бекер.

Жаңылыктар түрмөгү
0