"Азия MIX" жеңиши тууралуу: утуп алган акчага Маратикке чоң шоколад алабыз

© Фото / Марат Джуманалиев"Азия MIX" командасы Светлогорск шаарында өткөн эл аралык "Голосящий КиВиН 2016" фестивалында
Азия MIX командасы Светлогорск шаарында өткөн эл аралык Голосящий КиВиН 2016 фестивалында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азия MIX" командасынын мүчөлөрү менен көпкө чейин байланыша алган жокпуз. Акыры кылган аракетибиздин акыбети кайтты.

Шайырлар жана тапкыч балдар Светлогорск шаарында өткөн эл аралык "Голосящий КиВиН 2016" фестивалынын жыйынтыктары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына чакан маек берди.

"Азия MIX" командасы "Алтын чоң КиВиНге" татышкан болчу. 

Фото опубликовано @THE_Kashkaldaki (@rasya_) Июл 16 2016 в 2:50 PDT

Россиядан ийгилик жараткан жеңүүчүлөр менен жекшемби күнү таң эртеден бери байланышууга аракет кылдык. Бирок, андан майнап чыкпай, кара терге түштүк.

Биринчилерден болуп биздин жазгандарыбызга Марат Жуманазаров (Маратик) жооп берди. Бирок маек кура алган жокпуз, себеби, ал жаңы эле тургандыктан ойгоно электигин айтты.

Кийин суроолорубузга Бахтияр Касымалиев (Баха) жооп берди.

— Саламатсызбы! Жеңиш кут болсун! Сезимдер кандай?
— Рахмат! Фестиваль аябай узакка созулду. Акыркы мүнөттөргө чейин аябай чыңалган абалда болдук. Бары күлдү, залдагылардын боорлору эзилди. Жакшы жана жаман жыйынтыктарга бардыгы ыйлады.

— Силердин кайсыл номериңер же тамашаңар команданы алдыга алып чыкты деп ойлойсуз?
— Биздин азиялык тамашаларыбыз баарына жакты.

— Утуп алган акчаны кантип коротосуңар?
— Маратикке чоң шоколад алып беребиз. Бизде баары жакшы.

Фестиваль Светлогорск шаарында 15-17-июлда өтүп, оюндун финалына 23 команда чыккан. Кыргызстандын атынан "Азия Mix" командасы катышты.

Калыстардын катарында хоккеист Владислав Третьяк, актер Дмитрий Дюжев, кавээнщиктер — Сергей Светлаков, Семен Слепаков, алып баруучу Валдис Пельш жана Юлий Гусман болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0