Алып баруучу Алмаз Касымалиев. Архив

Алмаз Касымалиев: эфирден эмнеге кулагыңды чукуйсуң деп айтышкан

1852
(жаңыланган 13:26 19.07.2016)
Саясатчыларга оңтойсуз суроолорду берип, аларды кара терге салган алып баруучу Алмаз Касымалиев менен Журналист Гүлдана Талантбекова баарлашты. Сыртынан караганда олуттуу көрүнгөн алып баруучунун дагы кандай кыялдары жана пландары бар экенин бул жактан окуңуздар.

— Эмгек өргүүсүндөмүн деп айтып калдыңыз, эс алуу кандай өтүп жатат? Эфирге чыгып орчундуу программаларды алып барып жатып деле тажасаңыз керек?

— Эс алуу жаңы эле башталды. Үйдө курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу бардык кыргыздардай эле чарба жумуштары менен алектенип жатам. Эмгек өргүүмдү бир жумадан тоого чыгып, көлгө барып эс алам деп бөлүштүрүп койгом. Дем алышы жок катар-катар аналитикалык программаларды алып барганда чарчоону байкайм. Саясаттан деле тажагандай болгон жокмун, ошонун жанында жүрүү өзү бир кызык да.

— Быйыл канчанчы жайыңызды тосуп жатасыз?
— Азыр отуз бешинчи жайды тосуп жатам.

— Журналистикага кантип аралашып калдыңыз, азыр анализдеп отуруп кесипти туура тандадым деп ойлойсузбу?

— Бул кесипти тандап калуума каалоо дагы, кокустук дагы себеп болгон. Караколдогу окуу жайды кыргыз филологиясы боюнча бүттүк. Андан кийин бул жаатта илимпоз, мугалим же журналист болуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Борборго келгенде журналистикалык кесипти алып кетсе болот экен деген ой менен БГУнун журналистика факультетине тапшырдым. Ал жерден деле журналистикага аралышып кыйратып бир иш кылган жокпуз. Студенттик кез биздин учурда ушундай болуп калды жан багып, батирдин акчасын төлөп окуш керек эле. 4-курсту бүтүп жатканда Байма Сутенова эже бизге сабак берип калды, сүйлөшүп отурсак үнүң радиого жарайт экен, келип практикадан өтүп көр деп чакырды. Ошентип бир жыл радиодо иштегенден кийин "Ала-Тоо" маалымат программасына которсокпу деп жүрүштү. Бирок 21 жашта болгондуктан "Замана" студиясына жиберишти. Ал жакта эки жыл жүрүп кел деген менен алты жыл иштедим. Кийин жумуштун зарылчылыгынан эмес Замананын редакциясында түзүлүп калган кырдаалга байланыштуу кетүүгө мажбур болдум. Көп программаларда редактор, алып баруучу, кабарчы болуп жүрүп азыркыдай ири саясий программалардын деңгээлине көтөрүлдүм. 

Телеведущий Алмаз Касымалиев во время интервью
© Sputnik / Расул Усеналиев
Саясатчыларга оңтойсуз суроолорду берип, аларды кара терге салган алып баруучу Алмаз Касымалиев

— Тажрыйбалуу журналист деле эфир учурунда күтүлбөгөн кырдаалдарга туш келсе керек?

— Дебат учурунда саясатчылар менен маектешип отурганда алар бири-бирине сөз ыргытып, сөз астына сөз катып сүйлөгөн кишилер да, түз эфирдин жүрүшүндө алар жанындагы кишилердин сөзүн угат дагы кимге эмне деп жооп берүүгө камданышат. Мен жети кишиге тең суроосун берип, жоопторун угуп анализ кылышым керек. Анан топтоп алган маалыматымдын баардыгы мээмде аралашып турат. Ошол учурда сүйлөшүп жаткандар өз сөзүндө мага да тийишип кетишет, башкаларга да тийише сүйлөгөнүн кээде кармай албай каласың. Анан дебат бүткөндө "туй ата жана ушинткен турбайбы" деп ойлойсуң. Бир жолу дебатта Чыныбай Турсунбеков болуп экономика жөнүндө сөз кылып жатабыз, анан мен ал жаатта атагы чыккан теоретиктин сөздөрүнөн мисал кылып сүйлөп жатам, анын дагы бир оппоненти теорияга салып сүйлөп жатыптыр. Анан оппозициялык маанайда сын айтып КСДП аябай тийишип калды, Чыныбай мырза болсо "теоретиктер эмне дейт экенин билбейм бирок практикада мындай…" деди. Анан ал киши оппонентине айтып жатканын байкабай калып, сөз кылып жаткан теоретик баланча деп айтсам, ал киши турмушта мындай болуп жатпайбы деди. Ошентип программа бүттү анан эл тарап жатканда мээме ошол шак этти. Мен ошол жерден сөздү бөлбөй койсом талаш күчөмөк, көрсө байкабай эле бөлүп алыптырмын. Ушундай жагдайлар болот. Бир жолу кулакка таккан аудио суфлер угулбай калганда иштебей жатат деп кулагымды көрсөткөндө ошол экранга кетип калыптыр, эл "эфирден эмне кулагыңды чукуп атасың" деп бир күлүшкөн.

— Программа даярдалып жаткан учурда сизден суроолорун алдын ала билип даярдангысы келгендер болобу? 

— Биз аларга теманы гана беребиз. Калган суроолор өзүбүздө болот. Кээ бирөө жардам берип койгула дешет. Башында саясатчылар болжолдуу түрдө даярданып келип жатышса, азыр кадимкидей папкаларды көтөрүп, алдына кагаздарды коюп атаандаша башташты. Түз эфирде кандай кетсе ошол боюнча жазылып сайтка салынат. Жаздыруу менен кеткен учурда деле бул жерин алып койсо кандай болот деп өтүнүч менен эле кайрылбаса мажбурлоо деген болгон эмес. 

— Эфир учурунда деле саясатчыларыбыз кер-мур айтышып, мушташканга аз эле калат. Программа бүткөндөн кийин жулмалашып кетишпейби?

— Дебаттар бүткөндөн кийин бир аз убакыт айтышып кеткендер болот. Алар эл көзүндө жүргөн кишилер да, ашыкча сөзгө алдырып мушташып кетпейт. Дипломатиялык ыкма менен сүйлөшүшөт. Мурад "Ой-ордо" программмасын алып барып жүргөндө бүткөндөн кийин урушуп кетишчү. Анда көрүнүктүү эле саясатчы киши мамлекеттик органда иштеген адамга акарат айта коюп, экөө 15 мүнөттөй катуу айтыштан. Биз койгула деп ортосуна түшүп, жан сакчыларын чакыртсак да болушкан жок. Мен ошондо күнөө ким тараптан кеткенин билгем, ошол себептен ал кишини экинчи чакырбайбыз. 

— Аткаминерлер сиздин көңүлдү алып, белек-бечкектерин тартуулагандар болобу?

— Жеке мени чакыргандар болгон жок. Мисалы айрым фракциялар жаңы жыл алдында чоң банкеттерди уюштуруп журналисттерди чакырып куттуктап, чакан белегин таратып коет. Мен чоң деле белек ала элекмин. Майрамдык кечеде конкурста телефон утуп алгам. Белегин алып кызматын кылып беребиз дегенден алыспыз, андай болсо белегин албай эле койгонубуз туура. Азыр аудитория кыраакы, сен кимге тартып сүйлөп, жагалданып жатсаң билип коюшат. 

— Кызматтык абалыңыздан пайдаланган учурлар болобу?
— Өтүнүч кылган учурлар болот. Биз бирок баланчаны кызматка коюп кой дегенге жетпейбиз. Мисалы ооруканага таанышың дарыгерге жолуга албай жатса, чалып жардам берип коюңузчу десең өтүнүчтү кабыл алышат. Бирок анын кесепети эфирге тийбеши керек. Баарыбыз эле бирдей адамбыз, кээде ушундай шашылыш болуп калат. 

— Сиз кайсы саясатчыны баалап анын ишмердүүлүгүнө баа бересиз?
— Айтпай эле койсом туура болот го. Эфирге чыкканда билинип калат да. 

— Кийинки муундагы өзүңүзгө окшош алып баруучуларды байкайсызбы?
— Айтып калышат суроо бергени, сүйлөгөнү, кыймыл аракети сеникине окшоп калыптыр деп. Бирок мен шумдук болуп баары менден үйрөнүп жатышат дегенден алысмын. Ар бир алып баруучунун өзгөчөлүгү бар. Азыр менден бир-эки жигит келип кеп-кеңеш алып турушат.

— Кесиптештериңиздин арасында сизге атаандаштар барбы?
— Ачык түрдө атаандаштар жок. Бирок "эмне үчүн эфирге Касымалиев чыга берет андан башка жокпу, бул алып барган программаны мен деле алып барып коем" дегендер бар. Атаандашып бири-бириңен озуп кетүү иштегенге күч гана берсе керек.

— Журналистикада дагы канча убакыт болоюн деген оюңуз бар?

— Эгерде дайыма окуялардын чордонунда жүрөм десең өмүр боюу иштей турган кесип. Окуяга анализ берип жазма журналист болсоң дагы болот. Эми өмүр бою эфирди берип койбосо керек. Ойлор, пландар көп, буюрса көрөбүз. 

Телеведущий Алмаз Касымалиев во время интервью
© Sputnik / Расул Усеналиев
Алмаз Касымалиев: мен шумдук болуп баары менден үйрөнүп жатышат дегенден алысмын. Ар бир алып баруучунун өзгөчөлүгү бар. Азыр менден бир-эки жигит келип кеп-кеңеш алып турушат.

— КТРКдагы журналисттен башка дагы эмне менен алектенесиз?

— Махмуд Кашкары атындагы Чыгыш Университетинде студенттерге сабак берем. Азыр бизде кызматтык дисциплина деген күчтүү тогузда келип кечки алтыда кетип мыйзам боюнча иштеп калганбыз. Андан сырткары мамлекеттик иш-чараларды, чыгармачылык кечелерди алып барам. Бизде кызматтык чектөө бар бүгүн дебатты алып барып эртеси той алып барган туура эмес. 

— Байкасаңыз керек, журналистикада кыздар ийгиликтүү карьера жасайм десе үй- бүлөдөн айрым учурда баш тартканга туура келет. Мындан улам журналистика көбүнчө мырзалардыкы десек туура болобу?

— Журналистика нормасы жок жумуш болгондуктан бардык учурда ишке даяр болушуң керек. Ошондуктан үй-бүлө экинчи планда калып калат. Бир жагынан бул жумуш аялдарга жакыныраак көрүнөт, анткени майда-барат иштер көп болот. Чындыгында кыз киши эртең менен саат сегизде келип, кечки ондо кетсе да турмуш жолун тууралай албай калат. Карьера жасайм дегендин баары эле ойдогудай боло бербейт экен. Бирок менин оюмда үй-бүлө дегенди унутпашыбыз керек. 

— Алдыда сиз аткара турчу кандай маанилүү иш күтүп турат?

— Алдыда мен алып бара турчу саясий программалар көп. Маанилүү иштерден көчмөндөр оюнун белгилеп койсок болот. Мурдагысын кесиптештим Шайырбек Арапов алып барса, ушул жолкусун уюштуруу иштери башталгандан кийин айтылган сөз боюнча буюрса түз эфирдин кыргызча берүүсүнүн жоопкерчилиги мага жүктөлдү. Жанымдагы өнөктөшүм Светлана Акматалиева болот.

1852
Белгилер:
саясат, журналист, Алмаз Касмалиев
Тема боюнча
Ырчы Каныкей: мен эксперименттерди жасай турчу курактан өттүм
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев

Чокиев: согуш убагында жылына бирден операнын премьерасы болуп турган

34
(жаңыланган 17:43 21.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев учурда коомдо чыгармачыл союздарды каржылоого алган меценаттык жолго коюлбаганын белгиледи.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жылына бирден операнын премьерасы болуп турган. Бул тууралуу Турдубек Чокиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Чокиев: согуш убагында жылына бирден операнын премьерасы болуп турган

Анын айтымында, соңку 30 жылда опера жана балет театрында бир дагы премьера коюла элек.

"Эгемендүүлүк алгандан бери чыгармачыл союздар кароосуз калды. Колдоо маселеси көтөрүлсө каражат жетишсиздигин жүйө кылышат. Анткен менен эки кабат үйдө жашап, кымбат унааларды айдап жүрүшөт. Маселен, опера жана балет теарында эгемендүүлүк алган жылдары бир дагы опера коюлган жок. Мурдагы эле "Айчүрөк", "Чолпон", эски репертуар менен келе жатат. 1941-жылы 7-ноябрда "Анар" деген кыргыздын алгачкы балети, 1942-жылы 6-октябрда "Көл боюнда" деген опера коюлган. 1943-жылы "Көкүл" операсы, 1944-жылы "Чолпон" деген балет коюлган. Мындайча айтканда, согуш жылдары жылына бирден премьера болуп турган. Мындан тышкары, дүйнөлүк классикалык чыгармалар кыргызчаланып, тартууланган. Согуш бүткөндөн кийин учурдагы опера жана балет театры үчүн "Токтогул", "Манас" жазылган. Азыр тынчтык заманда жашап жатабыз. Бирок искусствого, адабиятка каражат бөлүнбөй келет", — деди Чокиев.

Ошондой эле ал искусство, адабият аркылуу идеологияны калыбына келтирүүгө боло турганын кошумчалады.

34
Белгилер:
композитор, идеология, искусство, Турдубек Чокиев
Тема боюнча
Оркестр коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды

Окуудан киного качкан Чоро. Актёр Думанаевдин чыгармачылыгындагы ирмемдер

230
(жаңыланган 18:18 20.06.2021)
  • Чоро Думанаев он жашында алгачкы тасмасына тартылган
  • Геннадий Базаровдун Каныбек кинокартинасында роль жараткан Аман Камчыбеков менен Чоро Думанаев
  • Режиссёр Юрий Борецскийдин Шаркыратмасында актёр башкы каарман Асандын ролун аткарып жаткан учуру
  • Көчө кинофильмин тартуу учуру. Сүрөттө режиссёр Геннадий Базаров, актёр Насыр Кытаев жана жаш Чоро
  • Базаровдун Көчөсүндө Думанаев башкы каарман Аваздын ролун аткарган
  • Каныбек фильминде Советбек Жумадылов менен Чоро Думанаев
  • Актёр Чоро Думанаев Шаркыратма тасмасында Асандын ролунда
  • Шахмат ойногон Чокморов менен анын каршылашына көз салган жаш Думанаев
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана москвалык актриса Майя Булгакова
  • Режиссёр Жали Соданбектин Гибель во имя рождения фильмин тартуу учуру
  • КРдин эл артисти кыргыздын күчтүү кинематографисттери менен иштешкен
  • 69 жаштагы театр ишмери азыр дагы театрда эмгектенип келет
Бүгүн белгилүү кино жана театр актёру Чоро Думанаевдин туулган күнү. Узак убакыттан бери театрда иштеп, тасмаларда роль жараткан талант 69 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгармачыл инсандын сүрөттөгү сейрек ирмемдерин сунуштайт.

Чоро Думанаев Нарын облусундагы Миң-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө 1952-жылы 20-июнда туулуп, балалыгы Фрунзе шаарында агасыныкында өткөн. Себеби атасы уулунун жакшы билим алуусун көксөп борбор калаага жөнөткөн. Окуучу кезинде "Космонавттар көчөсү" фильмине тартылып маданиятка аралашып, мектепти бүткөндөн кийин жаш жигит жакындарынын сунушу менен курулуш техникумуна тапшырган. Бирок ал эч кимге айтпай окуусун таштап, Болот Шамшиевге кошулуп киного тартылганы кетип калган.

Кийин Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Жали Соданбек сыяктуу таланттуу режиссёрлор менен иштешип, кинематографияга баш-оту менен кирип, 1970-жылдан баштап "Кыргызфильмге", 1975-жылдан тарта Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актёр болуп кирип, андан соң Ташкент шаарындагы театралдык институтту аяктаган.

Думанаев чыгармачылыгында "Көчө", "Ак кеме", "Кызыл алма", "Отко таазим", "Дилетант", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Ак илбирстин тукуму", "Чиркин өмүр", "Шаркыратма" , "Отко таазим" сыяктуу 20дай кино картинага тартылган.

КРдин эл артисти ошол эле маалда, 1975-жылдан баштап Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов өңдүү залкарлар менен иштешсе, азыр жаштарга жол көрсөтүп чогуу сахнага чыгып келүүдө.

230
  • Чоро Думанаев он жашында алгачкы тасмасына тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Чоро Думанаев он жашында алгачкы тасмасына тартылган

  • Геннадий Базаровдун Каныбек кинокартинасында роль жараткан Аман Камчыбеков менен Чоро Думанаев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Геннадий Базаровдун "Каныбек" кинокартинасында роль жараткан Аман Камчыбеков менен Чоро Думанаев

  • Режиссёр Юрий Борецскийдин Шаркыратмасында актёр башкы каарман Асандын ролун аткарып жаткан учуру
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссёр Юрий Борецскийдин "Шаркыратмасында" актёр башкы каарман Асандын ролун аткарып жаткан учуру

  • Көчө кинофильмин тартуу учуру. Сүрөттө режиссёр Геннадий Базаров, актёр Насыр Кытаев жана жаш Чоро
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Көчө" кинофильмин тартуу учуру. Сүрөттө режиссёр Геннадий Базаров, актёр Насыр Кытаев жана жаш Чоро

  • Базаровдун Көчөсүндө Думанаев башкы каарман Аваздын ролун аткарган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Базаровдун "Көчөсүндө" Думанаев башкы каарман Аваздын ролун аткарган

  • Каныбек фильминде Советбек Жумадылов менен Чоро Думанаев
    © Фото / Александр Федоров

    "Каныбек" фильминде Советбек Жумадылов менен Чоро Думанаев

  • Актёр Чоро Думанаев Шаркыратма тасмасында Асандын ролунда
    © Sputnik / Александр Федоров

    Актёр Чоро Думанаев "Шаркыратма" тасмасында Асандын ролунда

  • Шахмат ойногон Чокморов менен анын каршылашына көз салган жаш Думанаев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Шахмат ойногон Чокморов менен анын каршылашына көз салган жаш Думанаев

  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана москвалык актриса Майя Булгакова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана москвалык актриса Майя Булгакова

  • Режиссёр Жали Соданбектин Гибель во имя рождения фильмин тартуу учуру
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссёр Жали Соданбектин "Гибель во имя рождения" фильмин тартуу учуру

  • КРдин эл артисти кыргыздын күчтүү кинематографисттери менен иштешкен
    © Sputnik / Александр Федоров

    КРдин эл артисти кыргыздын күчтүү кинематографисттери менен иштешкен

  • 69 жаштагы театр ишмери азыр дагы театрда эмгектенип келет
    © Фото / Александр Федоров

    69 жаштагы театр ишмери азыр дагы театрда эмгектенип келет

Белгилер:
сүрөт, Чоро Думанаев, актер, Кыргызстан
Тема боюнча
34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер
Түрмөдө, ооруканада, талаада иштеген актёрлор. Геннадий Базаровдун каармандары
Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен
Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер
Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова

Ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова Олимпиадага жолдомо алды

0
(жаңыланган 11:41 22.06.2021)
Кубанычбекова 2020 жана 2021-жылдагы Кыргызстан кубокторунун лидери. Ал ок атуу боюнча Олимпиадага катышуу үчүн лицензия алган биринчи спортчу болду.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен кабарлашты.

  • Член национальной сборной команды КР по пулевой стрельбе Каныкей Кубанычбекова получила лицензию на XXXII летние Олимпийские игры в Токио.
    Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды
    © Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКР
  • Член национальной сборной команды КР по пулевой стрельбе Каныкей Кубанычбекова получила лицензию на XXXII летние Олимпийские игры в Токио.
    Бул аялдар арасында ок атуу боюнча оффлайн жана онлайн түрүндө өткөн көнүгүүлөрдүн эл аралык таймашынын жыйынтыгында белгилүү болгон
    © Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКР
1 / 2
© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКР
Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды

Бул аялдар арасында ок атуу боюнча оффлайн жана онлайн түрүндө өткөн көнүгүүлөрдүн эл аралык таймашынын жыйынтыгында белгилүү болгон.

"Лицензия алууга квалификациялык чакан стандарттарды (MQS) Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн эл аралык турнирлерге катышып аткарганы да жардамын тийгизди. Рейтингде ортодон жогору орунга жетишкен жыйынтыктары үчүн Кубанычбекова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков машыктыруучулар менен
© Фото / предоставлено директором СДЮСШОР Уланбеком Молдодосовым
Кубанычбекова 2020 жана 2021-жылдагы Кыргызстан кубокторунун лидери.

2017-жылы эл аралык Intershot (Амстердам, Нидерланд) турниринде коло медаль алган. Өспүрүмдөрдүн ок атуу боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу.

Каныкей Кубанычбекова ок атуу спорту боюнча Олимпиадага катышуу үчүн лицензияны алган биринчи спортчу.

0
Белгилер:
Каныкей Кубанычбекова, лицензия, Олимпиадалык оюндар, Токио, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды