Эртең Ат-Башыда эл аралык "Кыргыз шырдагы" фестивалы башталат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Шырдакта отурган кыз. Архив
Шырдакта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара оюн-зоок программалары менен коштолуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү өткөрүлөт.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда эртең, 20-июлда эл аралык "Кыргыз шырдагы" фестивалы өткөрүлөрүн уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык мындай иш-чара алты жылдан бери Нарын жергесинде өткөрүлүп келе жатат.

"Бул жолу фестиваль Ат-Башынын "Кошой" стадионунда өткөрүлөт. Анда чебер айымдардын колунан жаралган түркүн-түстүү шырдактар алыскы жана жакынкы аймактардан келген меймандардын назарына салынып, мыктылары тандалат", — деп айтылат маалыматта.

Первый ночной этнофестиваль Улут баскан улуу жол в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Боорсок, калпак жана улуттук кийимдер. Караколдо этномайрам өттү
Иш-чара оюн-зоок программалары менен коштолуп, улуттук тамак-аштар көргөзмөгө коюлат.

Бул маданий иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана "Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешмеси" уюштуруп жатат.

Эскерте кетсек,эл аралык фестиваль 28-29-июнга пландаштырылган. Бирок, ал июль айына жылдырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0