Бишкектеги Жаштар аллеясына art –инсталляция, тагыраагы Көз айнек эстелиги

Бишкектеги жаштар аллеясына көлөмдүү "Көз айнек" орнотулуп жатат

147
(жаңыланган 10:27 22.07.2016)
Аталган инсталляция шаар балансында калат. Көз айнек толугу менен 3-4 күндө бүткөрүлөт.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектеги Жаштар аллеясына art –инсталляция, тагыраагы "Көз айнек" эстелиги бүгүнтөн тарта орнотула баштады.

Долбоор өлкөдөгү эл аралык фондунун адам укуктары боюнча программасынын алкагында DOXA art-group тарабынан ишке ашып жаткандыгы тууралуу аталган топтун мүчөсү Сергей Келлер билдирди.

"Көз айнек түрүндөгү аrt –инсталляция кооз түстөргө боёлот. Анын бийиктиги эки, туурасы алты метрди түзөт. Инсталляцияда адам укуктары боюнча текст жазылат. Кызыгы, ошол текст абада калкып тургандай сезилет дагы көз айнектин атайын бир чекитинен гана окууга болот", — деп билдирди Келлер.

  • Бишкектеги Жаштар аллеясына art –инсталляция, тагыраагы Көз айнек эстелиги бүгүнтөн тарта орнотула баштады.
    Бишкектеги Жаштар аллеясына art –инсталляция, тагыраагы "Көз айнек" эстелиги бүгүнтөн тарта орнотула баштады.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Долбоор өлкөдөгү эл аралык фондунун адам укуктары боюнча программасынын алкагында DOXA art-group тарабынан ишке ашып жаткандыгы тууралуу аталган топтун мүчөсү Сергей Келлер билдирди.
    Долбоор өлкөдөгү эл аралык фондунун адам укуктары боюнча программасынын алкагында DOXA art-group тарабынан ишке ашып жаткандыгы тууралуу аталган топтун мүчөсү Сергей Келлер билдирди.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Көз айнек түрүндөгү аrt –инсталляция кооз түстөргө боёлот. Анын бийиктиги эки, туурасы алты метрди түзөт.
    Көз айнек түрүндөгү аrt –инсталляция кооз түстөргө боёлот. Анын бийиктиги эки, туурасы алты метрди түзөт.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Инсталляцияда адам укуктары боюнча текст жазылалт.
    Инсталляцияда адам укуктары боюнча текст жазылалт.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
1 / 4
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Бишкектеги Жаштар аллеясына art –инсталляция, тагыраагы "Көз айнек" эстелиги бүгүнтөн тарта орнотула баштады.

Анын айтымына караганда кооз түскө боёлгон көз айнек, айланасына көп адамды чогулта алат. Бул өз учурунда жарандарга өз укуктары менен таанышууга шарт түзөт. Аталган инсталляция шаар балансында калат. Көз айнек толугу менен 3-4 күндө бүткөрүлөт.

147
Белгилер:
инсталляция, адам укугу, көз айнек
Тема боюнча
Бишкектин мектеп дубалындагы граффити таштандыны атайын челекке салууга чакырат
DOXA арт тобу: кийинки портретти төрт кабаттуу үйдүн дубалына чегебиз

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

15
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

15
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү
Кыргызстандык актёр Болот Тентимишов. Архив

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты

916
(жаңыланган 09:38 23.06.2021)
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 28 жылдан бери сахнада жүргөн инсандын чыгармачылыгы менен жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Элеттен Ленинградга кетип. Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болсо, энеси айыл чарба тармагында эмгектенген. Бала кезинен эле актёрлукка жакын өспүрүмгө ата-энеси колдоо көрсөтүп турган. Ошондуктан айылдагы мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Николай Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырган.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов на сцене театра
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза Айтматова
Болот Тентимишов 1971-жылы 22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жарык дүйнөгө келген.

Күндүз жоокер, кечкисин актёр. Бирок орто жолдо түрдүү себептерден улам окуусун токтотуп Томск шаарына аскерге кеткен. Ал жактан да чыгармачылыктан алыстай албай күндүз жоокер болуп, кечкисин театрга барып иштеп жүргөн. Кызмат өтөп бүткөн соң Советтер Союзу тарап кетип, окуусун Бишкектен улантууга мажбур болгон.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов на сцене театра
© Фото / Русский театр драмы имени Чингиза Айтматова
КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон.

Театрга байланган жаштык, сүйүү. Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон. Ал жерде 1997-жылга чейин иштеген. Кийин КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын жетектөөсүнүн алдында "Тунгуч" театрында 11 жыл сахнага чыгып, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров менен сахналаш болгон. Так ошол маданий жайдан өзүнүн болочоктогу жубайы, Щепкин атындагы жогорку театралдык учи́лищесинин бүтүрүүчүсүн жолуктуруп бактысын тапкан.

Актер Болот Тентимышов во время съемок фильма Ата
© Фото / Чолпонбек Маматов
Эмгек жолун 1993-жылы Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында баштап, 22 жаштагы артист кесипкөй режиссёр, артисттер менен иштешип, бир топ тажрыйба топтогон

Театр жана кино актёру. Актёр 2009-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында эмгектенип келет. КРдин эмгек сиңирген артисти "Ромео жана Жульеттада" Тибальт , Меркуционун, "Отеллодо" Отеллонун, "Манас жөнүндө баянда" Алманбеттин, "Король Лирде" Герцог Албанский, шут, Кент, "Ак бешиктин тилегинде" Орозкул сыяктуу ондогон образдарды жаратып, 28 жылдан бери театрда. Бул убакыт аралыгында Дания, Украина, Башкыртстандагы фестивалдарга катышып, Түркия, Россия, Румыния, Германия, Колумбия, Иран, Казакстандагы сахналарда ойногон. Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты бир нече жылдан бери өзүн кинематографияда сынап келет. Актёр "Аталардын керээзи", "Аврора", "Ата", "Кудалар", "Кентавр", "Ээнсиреген үй", "Эки баатыр" фильмдеринде роль жаратып таанылган.

Известный кыргызский актер Болот Тентимишов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн белгилүү актёр Болот Тентимишовдун туулган күнү. Жаштыгын, өмүрүн театр менен киного байлаган талант 50 жашка толду

Тамада, окутуучу... Актёр буга чейин жакшылыктарды алып барып тамада болгон жайы да бар. Андан сырткары, жаштарга жол көрсөтүп устат болуп, эл арасындагы таланттарды актёрлук өнөргө таптап, кесиптештери менен "Жаш ысымдар" фестивалын уюштурган.

Үч баланын атасы. Болот Тентимишовдун келинчеги Сайрагүл Эсенбаева актриса, экөө тең көп жылдан бери театрда иштеп келет. Жубайлар учурда үч баланын ата-энеси.

916
Белгилер:
факты, Болот Тентимишов, актер, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты
Вагондон жүк түшүрүп бүлөсүн баккан Миңжылкыев. Опера ырчысы тууралуу 8 факты
Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан боз үйлөр. Архивдик сүрөт

Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

0
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы