Раиса Атамбаева Көчмөндөр оюну тууралуу видео роликке тартылды

1687
(жаңыланган 16:08 22.07.2016)
Аталган тасмада Манастан үзүндү баяндалып, жашоодогу аялдардын орду тууралуу кеп болот.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгы тарабынан тартылган видео роликке Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева тартылды.

Аталган видео роликти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы Youtube каналындагы расмий каналына жарыялады.

Анда "Манас" эпосунан үзүндү баяндалып, жашоодогу аялдардын орду тууралуу кеп болот.

Роликтин продюссери Дарика Асылбашеванын айтымында ага 40 кыз катышкан.

"Ролик "Манас" эпосунан алынып тартылды. Анда Каныкейдин Кошойго кандагай тигип берүүсү баяндалат. Биз бул видео менен аялдардын жашоодогу ордун көрсөткүбүз келди", — деди Асылбашева.

Тасмага белгилүү жаш актриса Элина Абай кызы, ырчы Аяна Касымова дагы тартылган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

1687
Белгилер:
Раиса Атамбаева
Тема боюнча
Атамбаевден үчүнчү ыр кетти, ал "Мне не страшно умирать" деп аталат
Атамбаевдин кызы атасына ыры үчүн ыраазычылык билдирди

Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева

175
  • Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
  • Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин Саманчынын жолу балетинде бийлеп жаткан учуру
  • Композитор Калый Молдобасановдун Саманчынын жолу балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
  • Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
  • Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
  • Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын Спартак балети.
  • СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
  • Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
  • Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
  • Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
  • Баядерка балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
  • Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет
Бүгүн СССРдин эл артисти, таланттуу балерина Айсулуу Токомбаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз балетинин 74 жашка толгон чолпон жылдызынын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Айсулуу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Асанбек Токомбаев узак жылдар бою Мамлекеттик телерадио комитетинде эмгектенсе, апасы Мунжия Эркинбаева опера ырчысы болгон. Болочоктогу талант 11 жашында балет дүйнөсүнө аттанып, Ленинграддагы Ваганова атындагы мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайына өтөт. Ошентип жаш балерина 1966-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына жумушка алынып, ал жерде 30 жылдай иштейт.

КРдин эл артисти бул убакыт аралыгында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партияларында бийлеген. Алсак, Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", Адольф Адандын "Жизель", Людвиг Минкустун "Дон-Кихот", Михаил Раухвергердин "Чолпон", Владимир Власовдун "Асел", Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны", Улукбек Мусаевдин "Томирис", Кирилл Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарып, сахнага СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев менен көп чыккан.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты 1995-жылы Түркияга кетип, Анкара мамлекеттик консерваториясына хореография боюнча окутуучу болуп кирет. Тажрыйбалуу устат 25 жылдан бери чет өлкөдө жаштарды тарбиялоодо.

 

175
  • Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген

  • Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин Саманчынын жолу балетинде бийлеп жаткан учуру
    © Sputnik / Мамадалиев

    Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин "Саманчынын жолу" балетинде бийлеп жаткан учуру

  • Композитор Калый Молдобасановдун Саманчынын жолу балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.

  • Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.

  • Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган

  • Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын Спартак балети.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын "Спартак" балети.

  • СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов

  • Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган

  • Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.

  • Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев

  • Баядерка балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
    © Фото / из семейного архива Сарбагышевых

    "Баядерка" балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.

  • Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет
    © Sputnik / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет

Белгилер:
Кыргызстан, балерина, Айсулуу Токомбаева, чыгармачылык, сүрөт
Тема боюнча
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери
Филология илимдеринин доктору, профессор Ибрагим Абдувалиев

Окумуштуу: кыргыз тилине эң жакын тил алтай тили

51
(жаңыланган 10:30 22.09.2021)
Филология илимдеринин доктору, профессор Ибрагим Абдувалиев кыргыз тилине казак жана өзбек тилдерине караганда алтай элдеринин тили жакын экенин айтты.

Алтай тил семьясына кирген тилдерди изилдөө иштери гипотезадан илимий теорияга өттү. Бирок Кыргызстанда жетишерлик колго алынбай келет. Бул тууралуу Ибрагим Абдувалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Окумуштуу: кыргыз тилине эң жакын тил — алтай тили

Анын айтымында, XVIII-XIX кылымдарда алгач алтай тил семьясын Европа жана орус окумуштуулары изилдей баштаган.

"Алтай тил семьясын жөнөкөйлөтүп баба тили деп койсок да болот. Алгач мындан үч кылым мурда Европа окумуштуулары тарабынан изилденип, "алтай тил семьясы" деген гипотеза пайда болгон. Кийинчерээк орус окумуштуулары да иликтөө иштерин активдүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында окшош тилдерди бириктирип, булардын түбү, теги бир деген жыйынтыка келишкен. Тактап айтканда, гипотезадан илимий теорияга айланып, "алтай тил семьясы" деген термин менен бекитилген. Кийинчерээк бул топко корей жана япон тилдери кошулду. Бирок бул эки этностун тили боюнча эки ача пикирлер бар. Иликтөө иштери Корея, Япония жана башка өлкөлөр тарабынан да жигердүү жүргүзүлүүдө. Андыктан муну азырынча илимий так маалымат катары карабай, гипотеза деп баалап турганыбыз дурус. Ошондой эле алтай тил семьясына кирген башка мамлекеттерде да бул багытта бир топ иштер жасалып жатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда жеткиликтүү колго алынбай келет", — деди Абдувалиев.

Окумуштуу алтай тил семьясы тууралуу илимге негиз болуп берген көптөгөн маалыматтар орхон-енисей жазууларында сакталып калганын кошумчалады.

51
Белгилер:
Алтай цивилизациясы, тил, илим, изилдөө
Тема боюнча
Алымкулова: "Алтай цивилизациясынын" тарыхы 1958-жылдан башталат
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

0
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

0
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы