Этномузыка сынагынын жеңүүчүсү Көчмөндөр оюндарына катышат

Жазылуу
Аталган сынак 12-14-август күндөрү "Супара" этнокомплексинде өтөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Этникалык музыка конкурсунун жеңүүчүсү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ырдоо укугуна ээ болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ролик Всемирных игр Кочевников - Sputnik Кыргызстан
Раиса Атамбаева Көчмөндөр оюну тууралуу видео роликке тартылды
Сынак аталган министрлик жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы тарабынан уюштурулуп, 12-14-август күндөрү "Супара" этнокомплексинде өтөт. 

Эрежеге ылайык, конкурс эки этап менен жүрөт. Биринчи бөлүктө катышуучулар онлайн режиминде Youtube каналы аркылуу катышса, экинчи турда жандуу ырдашат. 

Биринчи орунга 50 миң, экинчи орунга 20 миң жана үчүнчү орунга 10 миң сом байге каралган. 

Эскерте кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 3-8-сентябрь күндөрү өтөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0