Бишкекте жаз алды менен улуттук кийимдердин фестивалы өтөт

© Фото / Эркин БолжуровУлуттук кийим кийген адамдар. Архив
Улуттук кийим кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалды "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында өткөрүү пландаштырылып жатат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кийинки жылдын 3-4-март күндөрү "Кыргыздын салттуу кийимдери" аттуу фестиваль өтө турганын "Миң Кыял" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.

Анын айтымында, "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында пландаштырылып жаткан фестивалдын жүрүшүндө улуттук кийимге байланышкан көргөзмөлөр, сынактар уюштурулуп, атайын жүрүш өтөт. 

"Иш-чара кыргыз элинин нукура, салттуу кийимдерин жандандырууну, кийим-кечеге байланыштуу өнөр ыкмаларын өнүктүрүүнү көздөйт", — деди Асангулова. 

Фестивалдын жалпы программасы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында жарыяланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0