Омск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk

Россиялык сүрөтчү Кыргызстанга келип дагы бир Манасты тартууга даяр

303
(жаңыланган 18:29 03.08.2016)
Омск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk граффити-фестивалында эмнеге кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартууну чечкенин айтып бирди.

Россиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат. Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартты. Ал эмне үчүн "Манасты" тарткысы келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

— Бизде "Манасты" аябай баалап, улуттук дөөлөт катары карашат. Эми сиз бизге ардактуу конок катары келсеңиз, кучак жайып тосуп алабыз.
— Албетте, сүйүнүү менен келем. Балким силерге дагы ушундай нерселерди тартып берем…

— Эмнеге "Манасты" тандап алдыңыз?

— "Стенограффиянын" уюштуруучулары сүрөт тартууга боло турган имараттардын тизмесин жөнөттү. Мен Чокон Валиханов атындагы көчөдөгү үйдү тандап алып, Валиханов ким болгонуна аябай кызыгып көрдүм. Ал "Манас" эпосун изилдегенин билип, ага кызыгып калдым. Манастын образы менин буга чейин көчө чыгармачылыгында жасаган каармандарыма абдан окшош. Андыктан аны дароо тандап алдым. Манас тууралуу болгон маалыматтарды окуп, анан анын образын тарттым.

— Сүрөттү тартууга канча убактыңыз кетти?
— Мен Манастын буга чейин тартылган сүрөттөрүн, почта маркаларын карап чыктым дагы, сүрөттү 3,5 күндө аяктадым.

— Сиздин Facebook баракчаңызда "Playboy Россия" журналында иштеген деп жазылып жүрөт…
— Ал убакыт мен үчүн абдан сонун учурлар эле. Кызыктуу кишилер, кызыктуу жумуш. Азыр менин жашоомдо жаңы мезгил десем болот.

— Москва мамлекеттик университетинин математика факультетин аяктаганыңыз тууралуу да маалыматтар бар экен. Искусствого кантип аралышып калдыңыз?
— Мен университетке тапшырганга чейин эле искусствого кызыкчумун. Мен кичинемден эле сүрөт тартам.

  • Россиянын шаарларында Стенограффия аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат
    Россиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат
    © Фото / Дмитрий Чабанов
  • Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу Манастын сүрөтүн тартты.
    Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартты.
    © Фото / Николай Кривич
1 / 2
© Фото / Дмитрий Чабанов
Россиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат

— Россияда көчөгө чоң сүрөт тартуу үчүн кандайдыр бир документтерди толтуруу керекпи? Же ылайыктуу жерди көрүп калсаң эле тарта бересиңби?
— Албетте, макулдашуу керек, антпесең ал мыйзам бузуу болуп саналат. Бардык жерде уруксат алып анан иштөө кажет. Граффити тартуу үчүн атайын дубалдар бар, бирок алар башка.

— Бизде дагы таланттуу сүрөтчүлөр көп жана граффити-искусствосу өнүгүп жатат. Балким биздин сүрөтчүлөр жөнүндө дагы уккансызбы?
— Тилекке каршы эч нерсе билбейт экем.

— Эгер сизде Кыргызстанга тийиштүү дагы сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгү болуп калса, эмнени тартаар элеңиз?
— Манасты тартам го дейм, азыркыдан да жакшысын тартмакмын.

303
Белгилер:
граффити, сүрөтчү, Манас, Омск
Тема боюнча
Бишкектин борборуна эки метрлик көз айнек коюлуп бүттү
DOXA арт тобу: кийинки портретти төрт кабаттуу үйдүн дубалына чегебиз
Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун архивдик сүрөтү

Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды

46
(жаңыланган 10:40 24.10.2020)
Кинофильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде 2018-жылы тартылган. Режиссёр фильм тууралуу идея Айтматовдун көзү барында эле жаралганын айтат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" картинасы Россияда өтүп жаткан XXIX "Киношок" ачык фестивалында дароо эки сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы киностудиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Толук метраждуу фильмдердин сынагында калыстар тобу Артур Аманалиевди "Шамбаладагы" баланын образын чеберчилик менен көркөм ачып бергени үчүн сыйлады.

Кыргыз режиссёрлорунун "Акыркы көч" тасмасы Таллиндеги фестивалга катышат

Ал эми "Мыкты музыка" сыйлыгы композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылды.

"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

46
Белгилер:
Артыкпай Сүйүндүков, Кыргызстан
Тема боюнча
"Оскар – 2020": сыйлык ээлери, 44 млн. доллар корогон салтанат
Кинопленка. Архивдик сүрөт

Кыргыз режиссёрлорунун "Акыркы көч" тасмасы Таллиндеги фестивалга катышат

26
"Темные ночи" кинофестивалы — Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Режиссёр Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" аттуу тасмасы Таллинде өтө турчу "Темные ночи" кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине режиссёр Дастан Жапар уулу билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 18-ноябрдан 29-ноябрга чейин Эстонияда өтөт.

"Акыркы көч" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Билимкана" коомдук фонду менен биргеликте тартылды. Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу белгилүү актёрлор роль жаратты", — деди Жапар уулу.

Белгилей кетсек, "Темные ночи" кинофестивалы 2014-жылдан тарта "А" категориясына кирген. Башкача айтканда, Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдары сыяктуу дүйнөлүк абройго ээ.

Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт

2018-жылы белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы аталган кинофестивалда баш байгени жеңип алган.

26
Белгилер:
сынак, режиссер, тасма, кинофестиваль, Таллин
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды
Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео
Эркек киши. Архивдик сүрөт

Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги

0
(жаңыланган 15:10 24.10.2020)
Балдары ооруп, дарыга акчасы жок болуп дарыканадан акча уурдай качкан Токмоктогу жигит эсиңиздердеби? Окуянын өзү, фемида өкүлдөрүнүн ага чыгарган чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Каарманыбыз Замирбек Кожоканов 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дарыканадан курткасын күрөөгө коюп дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тартканда акча алып чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй акчаны кайтарып берип, милицияга өзү барган. Дарыкананын ээси доом жок деп жазып бергенине карабай, Кожоканов беш жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал жаза 2,5 жылга кыскарган.

Учурда 34 жаштагы Кожокановго ырайым берилип, бир жылдык жазасы кыскарып эркиндикке чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Замирбек Кожокановдун учурдагы абалы, жашоосу тууралуу өзү менен сүйлөштү.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Бишкекте курулуш тармагында иштеп жүрөм. Мурдатан эле курулушта ички жасалгалоо, евроремонт менен алектенчүмүн. Азыр иштеген жеримде эле жатып, көп кабаттуу үйдөгү батирдин ичин жасап жатабыз.

— Үй-бүлөңүз Токмоктобу?

— Ооба, эки кызымды апам карап жатат. Эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим менен кичүү уулумду эки жылдан бери көрө элекмин. Аялым менен таарынышып кеткенбиз. Эми ага ар кандай себептер болуп калды. Убактылуу кармоочу жайда жатканымда бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин байланышкан жокпуз. Абактан чыккандан кийин издеп барган да жокмун. Баргым да келген жок.

Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

— Көңүлүңүз ооруп калган окшойт?

— Ошондой болуп калды. Көчөдөн көрүп калсам деле артынан чуркап барбайт болчумун. Азыр баары жакшы, кыздар ата-энемдин колунда. Иштерим деле, кудай буюрса, жакшы болуп жатат.

— Апаңыз сиз камалганда насыя алганын айтып жатты эле…

— Азыр карыздардан толук кутула элекпиз. Бир аз бересем бар. Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда жатканда тергөөчүгө дос балам 20 миң сом берген. 

— Кандайча тергөөчүгө акча бердиңер?

— Токмокто жатканда тергөөчү камераны ачып туруп "сотко сүйлөшүп, абактан бошоттуруп берем" деп 20 миң сом сураган. Мен дароо дос балама байланышып, ал машинасын күрөөгө коюп, эртеси эле акчаны алып келип берген. Көрсө мени алдап коюшуптур. Ошентип досум кийин тергөөчүгө чалып жүрдү. Ал акыры номерин алмаштырып койду окшойт, өчүк болуп калды.

— Абакта толук бир жыл отурдуңузбу?

— Жок, бир жарым жыл отурдум. Беш жыл менен "централкага" (СИЗО-1 — ред.) киргем. Ал жактан бир ай өтпөй эле Бакыт жана Тилек (Тилек Мамбетов — ред.) деген эки адвокат мени облустук сотко чакыра баштады. Ошол эки адвокатым чуркап жүрүп, беш жылды эки жарым жылга кыскартып берди. Андан кийин Жалал-Абаддагы абакта 1,5 жыл отургандан кийин, так датасы эсимде жок, бир күнү эле микрофондон фамилиямды айтып чакырды. Барсам, адвокатым Тилек Мамбетов президентке кайрылып, жаза өтөөчү бир жылымды алдырып бергенин айтышты.

Токмоктогу дарыканадан акча уурдай качкан жигитке ырайым кылынды

— Сизди алгач беш жыл эркиңизден ажыратуу менен кошо 70 миң сом айып салды эле. Кийин 50 миң сомго азайган…

— Ооба, аны да төлөдүм. Ишимди тергөөчү, орусча айтканда, чалды-куйду толтуруп салыптыр да. Мурда бандиттер менен байланышы болгон өңдүү жалаа жаап салышкан экен. Бирок сотто мурун армияда кызмат өтөгөнүм, үй-бүлөлүк абалым каралды.

— Ошол каргашалуу күнү балаңыз аябай ооруп жатты беле? Эмнеге мындай ишке баргансыз?

— Ошол күнү акчага аябай муктаж болуп калдым. Бир жерде иштеп, ал жактан да иштеген акчамды бербей алдап кетишти. Негизи ал күнү ошол кишини издеп жүргөм. Ортодон бирөөлөргө жолугуп ачуум менен бир аз ичимдик да ичип алгам. Иччү эмесмин. Балам да грипп болуп ооруп жаткан. Анан ушундай окуя болуп кетти. 

Судебный молоток. Архивное фото
Сот балкасы

— Кыздарды жалгыз багып, бир чети сизге чуркап ортодон апаңыз кыйналыптыр. Сиз жалгыз уулсузбу?

— Жок, жети бир тууганмын. Эки эркек, беш кыз. Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Мен үй-бүлөм менен бөлүнүп, Токмоктун кичи районунда батирде турчумун.

— Баарынан кыйыны эмне болду?

— Башымдан өткөн күндөрдүн ичинен эң кыйыны соттолуп кеткеним, беш жылга эркимден ажыратуу тууралуу соттун чечимин угуу болду. Кийин 2,5 жыл бергенде беш жылга караганда шүгүр дедим. Жаза өтөө мөөнөтүмдүн бир жылы кыскартылган соң эки айдан кийин абактан чыктым. Азыр толугу менен пробация да бүттү. Айдын башында жана аягында келип турасың дешкен. Ушул жылдын 18-августунда Жалал-Абаддан бошоп чыктым. Кечинде коё берди. Алар да убакыт-сааты менен чыгарат экен. Анан ошол жакта отурган балдар жардам беришти, үйдөгүлөр акча салып маршрутка менен Чүйгө келип алдым.

"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек

— Алгач кандай сезимде болдуңуз?

— Бошоп чыкканда эле эркиндикти сездим. Баа-баркы билинди.

— Алдыда пландарыңыз барбы?

— Эми кайрадан үйлөнүп, жаңы жашоо баштоону чечтим. Балам чоңойсо кийин издеп келер. Кыздарымды багып эле өз алдымча жаңы жашоо баштайм.

— Абактан кийин кандай ойдо калдыңыз?

— Баарын акча чечип калыптыр. Оор кылмыш кылган адам деле акчасы болсо кутулуп кетет турбайбы. Абакта деле кээ бир балдар менен сүйлөшүп калдым. Ал жакта деле ак жеринен отургандар бар. Көчөдө кетип бара жаткан жеринен кармалып, кылмышты мойнуна алып калган. Айтор, оор тагдырлар көп экен.

0
Белгилер:
акча, Жалал-Абад, абак, Токмок, сот
Тема боюнча
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын