Казанда өтүүчү мусулмандар киносунун фестивалына үч кыргыз тасмасы катышат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата керээзи", "Каратегинден кат", "Ата Бейит". Кыргызстандан чыккан тасмалар 700 фильмдин ичинен тандалып алынды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык "Ата керээзи", "Каратегинден кат" жана "Ата Бейит" тасмалары Казань шаарында өтүүчү XII эл аралык мусулмандар киносунун фестивалында ат салыша турганын Кинематография департаменти билдирди.

Омск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk - Sputnik Кыргызстан
Россиялык сүрөтчү Кыргызстанга келип дагы бир Манасты тартууга даяр
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-11-сентябрь күндөрү өтүүчү фестивалга 700 арыз түшүп, анын ичинен 33 өлкөнүн 60 тасмасы тандалып алынган. 

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы толук метраждуу фильмдердин сынагында күч сынашса, даректүү тасмалардын катарына Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" фильми кирген. Ал эми Алижан Насыровдун "Ата Бейит" тасмасы фестивалдын кыска метраждуу даректүү фильм номинациясында ат салышат.

Эскерте кетсек, быйыл чыккан "Ата керээзи" толук метраждуу тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 25-августтан 9-сентябрга чейин Монреалда өтүүчү эл аралык кинофестивалда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0