БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Гарри Поттер китебинин сегизинчи бөлүгү чыгаары менен Москвада бир күн ичинде баары сатылып кетти. Бул тууралуу РИА Новости "Москва китеп үйүнө" таянуу менен билдирди.
Китептин бир даанасы 1749 рублдан сатылган.
"Бир күн ичинде келген 200 китептин баары сатылып кетти. Жаңысы качан келээри белгисиз деди", — китеп үйүнүн кызматкери.
Аталган китеп Россия боюнча бир гана Москва китеп үйүндө сатылды.