Кинопленка. Архив

"Физрук, алтын, дарыя" тасмасы эл аралык сынактан баш байге утуп алды

44
(жаңыланган 18:54 08.08.2016)
Тасмада айына беш миң сом айлык алган дене тарбия мугалими Нарын дарыясынан кышы-жайы алтын издеп күн өткөргөнү чагылдырылган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" даректүү тасмасы Черногорияда өткөн эл аралык кинофестивалда байгени жеңип алганын Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.

Херцег Навои шаарында өткөн "Алтын Мимоза" фестивалы жыл сайын августтун башында 1986-жылдан бери өткөрүлүп келет. 

Маалыматка караганда, 2014-жылы тартылган 28 мүнөттүк документалдык тасмага белгилүү режиссер Темир Бирназаров продюсерлик кылган. 

Тасмада айына беш миң сом айлык алган дене тарбия мугалими Нарын дарыясынан кышы-жайы алтын издеп күн өткөргөнү баяндалат.

44
Белгилер:
баш байге, мугалим, тасма
Тема боюнча
Гарри Поттер китебинин сегизинчи бөлүгү Россияда бир күн ичинде сатылып кетти
Кыргызстандын кооз жерлерин чагылдырган "Легенда" тасмасы тартылууда
Пикирлер