БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз эл артисти, белгилүү ырчы Эрмек Мойдуновдун эстелиги ачыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 10.00дө башталат.Эскерте кетсек, Мойдунов былтыр 17-сентябрь күнү 71 жашында дүйнө салып, шаардагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Кыргыздын алгачкы тенор үндүү ырчыларынын бири Мойдунов 21 жашынан баштап филармонияда иштеп, Зейнеп Шакеева, Рыспай Абдыкадыров, Гүлмайрам Момушева сыяктуу залкарлар менен эмгек жолун баштаган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу драматург, азыркынын залкары аталган улуу инсандын өмүрүнүн айрым урунттуу учурларына токтолуу менен факты даярдаган.
Бул материалды даярдоого ачык маалымат булактар жана Бексултан Жакиевдин маектеринде айтылгандар колдонулду.
Бала чагы, "чоңко эненин" тарбиясы. Бексултан Жакиев Улуу Ата Мекендик согуштан мурдараак туулган. Тагыраагы, 1936-жылдын 16-январында Ысык-Көл районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. ...Бексултан Жакиев чоң атасы Абийир аксакалдын колунда чоңоёт. Эки чоң энеси болгон. Чоң апасынын бири казан-аякка көп киришпей, бала тарбиялоо милдетин алган өңдүү. Ал киши дайыма небере-чөбөрөлөрүнүн бирин жонуна, бирин колуна көтөрүп, дагы бирөөнү жетелеп эшиктеги дөңгө отуруп алып, жомок десе чынга, чын десе жомокко окшош окуя, аңгеме, эпосторду айтып берчү экен. Алардын бири — "Эр Табылды" эпосу экенин драматургдун өзү эскерген жайы бар.
"Чоң энемди Имаш деген иним тили келбей Чоңко эне деп койчу. Аны туурап биз дагы, бизди туурап айылдагы балдар да "чоңко эне" деп чакырышчу. Ошол энебиз жомокторду жана Эр Табылдыны көрүп келгендей, жанында жүргөндөй укмуштуудай айтчу", — деген Жакиев балалыгы тууралуу айтып берип жатып.
Классташы - залкар Төлөмүш Океев. Белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев экөө 1-класстан 8-класска чейин бир класста, бир партада отурган классташ болушат. Бирок 8-класстан Төлөмүш Океев Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары - ред.) №5 мектеп-интернатында окуп калат.
А негизи Бексултан Жакиев чоң атасын абдан жакшы көргөн.
Фрунзедеги театрдан көрүп келген пьесалардын таасири менен ал мектептен "Ажал ордуна", "Алтын кыз", К.Маликов менен А. Куттубаевдин "Биз баягы эмеспиз" деген драмаларды коёт. "Ажал ордуна" драмасында Искендердин ролун өзү аткарат. Кийин студенттик жылдарында тайпалаштары менен бирге "Курманбек" драмасын койгон. Мында Курманбек менен калмактын каны Дорунун согушкан жерин сахналаштырат.
Таланттар бирге окуган студенттик жылдар. Жакиев 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине тапшырат. Бексултан Жакиев 1960-жылдары мыкты жазуучулар, кийин маданият, адабият чөйрөсүнө жарыгы тийген белгилүүлөр менен бир курста окуган. Алар: Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбековдор.
Ал убакта согушка барууга жашы жетпей, 3-4-класстык билими менен айылда эсепчи, майда аткаминер болуп иштеп калышкандар көп болот. Ошол себептен 35 жашка чейинкилер университетке кабыл алынчу. Аларды студенттер өз ара "фронтовик" деп коюшчу. Булардын бири, Бексултан Жакиевдер менен бирге тапшырган "Көчмөндөр кагылышы" романынын автору Качкынбай Осмоналиев болгон. Бирок ал окууну аягына чейин бирге окуган эмес.
Жалаң дөө-шаалар чогулган топтогу студенттер университеттен адабий ийрим менен драма кружогун уюштурушат. Алар ар кандай драма, спектаклдерди коюп, айылдарды кыдырган да учурлары болгон экен.
Чыгармалары. Жакиевдин драмаларынын көбү адам турмушунун көйгөйлөрүнө арналган. 1964-жылы "Миң Кыял", 1967-жылы "Алтын аяк", 1972-жылы "Өкүм", 1975-жылы "Эртең - жаңы жыл", 1979-жылы "Жолугушуу", 1981-жылы "Күттүргөн жаз да келер", 1982-жылы "Саадак какты", 1989-жылы "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", 1990-жылы "Жаза" жана башка драмалары жарык көргөн. Ушул кезге чейин актуалдуулугун жоготпогон "Атанын тагдыры" драмасы боюнча опера (Гусев) жазылса, "Саадак какты" драмасы боюнча балет (Жумабаев) коюлган. Анын кээ бир чыгармалары казак, якут, орус жана башка тилдерге которулуу менен чет өлкөлөрдөгү театрларда да коюлуп жүрөт.
"Манасты" эл билсин деп. Бексултан Жакиев 2011-жылы "Манас" эпосунун кыскарган эмес кичирейтилип, чакан кылып жасалган вариантын иштеп, басмадан чыгарган. Жазуучу эпостун көлөмү чоң болгондуктан анын 99 пайызын эл билбей бара жатканын эске алып, аны кичирээк көлөмдө чыгарууну көздөйт. Муну "Манастын" 1000 жылдыгында эле өкмөткө сунуш кылган.
Бул вариант боюнча жазуучу: "Кысылган вариантта окуяларды, сюжетти эч кыскартпай, тек гана аны кысуу, ашыкча кайталоолордон тазалоо жолу менен иштеп чыктым. Бул – окууга оңой, окурмандын кайсыл катмарына болсо да кабыл алууга ыңгайлуу", – деген. Анын бул эмгеги өзбек тилине да которулган.
Маданиятты өнүктүрүү менен алектенген Жакиевдин эмгек жолу... 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, андан кийин киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун окутуучу болуу менен баштаган. 1963-1968-жылдары "кыргыз кереметине" көп кинолорду берген "Кыргызфильм" киностудиясында редактор болгон. Маданият министрлигинде иштеп, анан кайрадан 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редакторлук ишти аркалаган. Бул учур да кыргыз киносунун гүлдөө доору эле. 1988-1992-жылдары Кыргыз театр ишмерлери союзунда катчы болуп эмгектенген. 1994-2000-жылдары “Манас 1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси жана директору, 1994-жылдан тарта КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген. Бул аралыкта драматург Жакиев кыргыз маданиятынын байышына, өсүшүнө өзүнүн билимин, тажрыйбасын жумшады.
Жазуучу 80 жылдык мааракеден баш тарткан. 2016-жылы Бексултан Жакиев өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткан. Ал киши мындай чечимин өсүп келе жаткан муунду туура багытка тарбиялоо башкы маселеге айланып жаткандыгы менен түшүндүрүп, той-мааракелерге кетүүчү каражатты маданиятты өнүктүрүүгө жумшоо керектигин билдирген.
"Президенттин 2016-жылды "Тарых жана маданият жылы" деп жарыялоо боюнча атайын Жарлыгы чыкты. Анда бир топ иш-чаралар белгиленген. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын, даанышман-ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын, Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюнун өткөрүү алдында турабыз. Жарлыкта көрсөтүлгөн руханий дөөлөттөрдүн ар бири өтө маанилүү. Эгерде дүйнөгө аларды жакшылап алып чыксак, өлкөбүздүн кадыр-баркы жогору көтөрүлөт. Ошолорду көрсөтүш үчүн артисттер, ырчы-чоорчулар, манасчылар, комузчулар керек. Ал эми мага окшогондор менин юбилейимди өткөр деп филармония, театрларды талашсак, жанагыдай чоң дөөлөттөр жакшы көрүнбөй калат. Биздин юбилейлик курактагыларга салыштырганда мамлекеттик, улуттук мааниси чоң, улуттун ар-намысын, аң-сезимин көтөрө турган иштер алда канча маанилүү болуп жатпайбы. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды унутуп, аларга жол беришибиз керек. Ошон үчүн мен театрда юбилейимди расмий өткөрүүдөн баш тарттым", — деген Жакиев 2016-жылы. Чындыгында, бул жакшы саамалык болгон.
Ошентсе да белгилүү драматургдун 80 жылдыгына карата республикада китеп көргөзмөлөр, агартуучу маданий иш-чаралар өткөн.
Үй-бүлөсү, сыйлык-наамдары. Бексултан Жакиев жубайы Сабира Турсункулова экөө 65 жылдай бирге өмүр сүрүп келишет. Алар эки уул, бир кызды тарбиялап, тууруна кондурушкан. Кызы Гүлмира Жакиева Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин деканы болуп эмгектенет.
Белгилүү драматург Бексултан Жакиев 1974-жылы Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, 1989-жылы КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, 1993-жылы Кыргыз эл жазуучусу жана III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон. Ошондой эле боордош казак элинин да мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган. 1994-жылы Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. 1999-жылы Казакстандын Астана медалы менен сыйланган. Ошону менен катар Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам - Кыргыз Эл Баатыры ыйгарылган.
Кичинекей актер Назирет Дубашев жана камчы менен "байбичесин" урган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун, башын колу менен калкалап жерде жаткан Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1966-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.
Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетин бүтүп жаткан жаш режиссер Төлөмүш Океев 1965-жылы дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасы боюнча иштеп, тартуу иштерин баштаган.
Кинофильмде кичинекей Калыктын образын жараткан Назирет Дубашев ошол учурду мындайча эскерет:
"Кинодо бир нерсени жасалмалоого аракет кылынса шак эле көрүнүп калат. Жылкычы Бакай байбичесин сабап жаткан эпизодду тартуу алдында Алиман эненин чапанынын астына коргоочу каражаттар салынып, Муратбек атанын колуна кайыш эмес, башына жип байланган камчы берилген. Анан ошону менен актрисаны чын эле камчылап, мени боз үйдүн ичине кирип кеткенче түрткөн. Аны биз үч-төрт дубль менен тартканбыз. Андан сырткары, менин аксакалды укурук менен чапкан жерим бар. Режиссер Төлөмүш Океев "ча-а-ап" деп кыйкырат, мен атамдай болгон чоң кишиге кол көтөрө албай, колум барбай койгом. Ошондо Алиман Жангорозова "берчи, мен өзүмдүн өчүмдү алып алайынчы" деп таяк менен бир чапкан. Ал кадрды монтажда мен кылгандай кылып оңдошкон. Эки залкарды атам менен энемдей, алар мени өз баласындай көрүшчү. Негизи андай улуу инсандар менен иштешүү аябай жеңил болчу, боз үйдө чогуу 15 күндөй жашап да калдык. Убагында алар менен бир киного тартылып калганым үчүн сыймыктанам", — деди Дубашев.
"Бакайдын жайыты" 1965-1966-жылдары Суусамыр жайлоосунда тартылып, жылкычы Бакайдын образын Муратбек Рыскулов, Урум апаны ролун Алиман Жангорозова аткарган.
Кинокартина көрсөтүлгөндө чет элдик сынчылар жогору баалап, жаш Океевге бүткүл союздук жана дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Мисалы, Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татып, советтик 100 мыкты кинонун катарына кирген.Аталган эмгектеги сейрек ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.