Туулган күн кут болсун, Мирбек! Ырчы тууралуу 10 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Мирбек Атабеков. Архив
Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 11-август күнү кыргыз эстрадасынын сап башында тургандардын бири Мирбек Атабеков 30 жашка чыкты. Журналист Гүлдана Талантбекова ырчы тууралуу 10 факты табууга аракет кылды.

Ырчы 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Жон-Арык айылында туулган. Атасы Исскувство институтун бүтүрүп комузда, пианинодо ойноп ырдаган чыгармачыл инсан болгон. Бирок Мирбек эки жашка чыгып калганда атасы жол кырсыгынан каза болгон. Болочок ырчы чоң апа, чоң аталарынын колунда тарбияланган. 

© Фото / из личного архива Мирбека АтабековаМотурайган балалык кез
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
Мотурайган балалык кез

Экономист ырчы. 9-классынан баштап кафе-ресторандарда ырдай баштаган. Анда ырчыга 50 сомдон, кийинчерээк 1000 сомго чейин төлөп беришчү. Ошентип түнкүсүн иштеп, күндүзү окучу. Бишкектеги №67 гимназияны бүтүргөндөн кийин Улуттук университеттин экономика бөлүмүнө тапшырган. Ошондуктан аны достору эсеп-кысапты жакшы билип, тапканын орду менен пайдаланат деп айтышат. 

Алгач өзүн "Поющий город" аталышындагы ири долбоордо сынап, финалга өткөн. Бирок Мирбек чыгармачылыктын даңгыр жолуна түшөм деп эки жыл ар кайсы эшикти сүзгүлөп жүрөт. Ал башкадан үмүт үзсө да өзүнөн баш тартып, ишеничин жоготкон эмес. 

2004-жылы Мирбек чоң сахнага кадам таштайт. Анын алагачкы "Жүзүң" деген ыры хит-парадка чыгып, анын жеңүүчүсү аталган. Бирок ул учурда Мирбек жеке ырчы эмес "Санат" деген группанын мүчөсү катары ырдаган. Ал топто Ильяз Абдразаков, Азиз Жетигенов да бар эле. 

© Фото / предоставлено Мирбеком АтабековымАпасы менен
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
Апасы менен

"Сени гана". 2006-жылдан тарта продюсер Канат Култаев менен иштеше баштаган. Дал ушул жыл Мирбек үчүн жемиштүү болгон. Экинчи ыры "Сени гана" элге кеңири тарап, популярдуу жаш ырчы аталган. Бир жыл ичинде телерадио, журналдар уюштурган сыйлыктардын дээрлик көбүн жеңип алган. Жыл аягында интервью берип жатып "ийгилик менин башымды айлантты, мен продюсер менен иштешкенде ырчылыктын жаңы деңгээлине көтөрүлөм деп ойлогом, бирок мынчалык чоң жыйынтыкты күткөн эмесмин. Кечээ эле ушунун баары жөн гана кыял болчу" деп айтканы бар. 

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Динара Акулованын айылга каты. Сагыныч, ээн там жана Аң-Өстөнгө жетелеген сезим
"Не моя". Кийинки жылы угармандарына "Не моя" аттуу ырын сунуштап, ал болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келген. Жаздын этегинде үч күндүк "Не моя" аталышындагы жеке концерти эбегейсиз көрүүчүнү топтоп, билеттер эки эсе кымбат сатылган. Таланттуу ырчы ушуну менен эле токтоп калбастан хит ырларды биринин аркасынан экинчисин элге тартуулап жатты. 

Өзүн актер катары да сынап комедиялык жанрдагы "Талисман" тасмасына тартылган. Актердук чеберчилиги өзүнчө кеп кылынчу сөз, антсе да "Тасма кыйноо дегенге кошулам, сырттан оңой көрүнгөнү менен роль жаратуу кыйын экен" дегени бар.

Мирбектин алсыздыгы апасында. "Оюма келген нерсени бербей, эч кимди укпай коюшум мүмкүн, бирок апакемди бир да сөзүн кыя албайм. Анан албетте, сүйүүдө улуу-кичүү дебей бардыгыбыз бирдейбиз" дегени бар.

© Фото / предоставлено Мээрим Толопберген2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Толепбергенге баш кошуп, уулдуу болушкан
Мирбек Атабеков стал отцом - Sputnik Кыргызстан
2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Толепбергенге баш кошуп, уулдуу болушкан

2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Толепбергенге баш кошуп, уулдуу болгон. Уулунун атын Адам деп чоң апасы койгон. Сейрек кездешүүчү ысымды адамзат үчүн кызмат кылсын, адам болсун деген тилекте ыйгардык деп айтышат. 

"Маданияттын мыкты кызматкери" сыйлыгы 2010-жылы ыйгарылган. Азырынча эл аралык сынактардын бирине да катыша элек. Айрым билермандар ырчынын үнү эл аралык талаптарга туура келбейт деп айтып келишет. Ал эми ырчы учурда "он жыл мурун тилеген максаттарыма жеттим" деп айтып калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0