Бишкекте Үркүнгө арналган китеп чыкты

© Фото / пресс-служба НАН КРМемориальный комплекс, посвященный жертвам народно-освободительного восстания 1916 года в Боомском ущелье
Мемориальный комплекс, посвященный жертвам народно-освободительного восстания 1916 года в Боомском ущелье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепти "Мээрим булагы" балдар үйүнүн башкармалыгынын төрайымы Гүлнара Дегенбаева жазган.

БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Бишкекте "Эненин чындыгы — 1916-2016" деген аталыштагы китептин бет ачары өтөт. 

Түштүк дарбаза сейил багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үркүнгө арналган эстеликке мэрия менен Маданият министрлиги сынак жарыялады
Уюштуруучулардын айтымында, чыгарма тарыхый документтер менен түрк чалгынын агенти Адил Хикметтин мемуарларынын негизинде жазылган. Китеп кыргыз-түрк "Манас" университетинин китепканасында.

Маалыматка ылайык, Осмон империясынын жашыруун агенттеринин жашоосун чагылдырган чыгарма Кыргызстан менен Россия эли үчүн каргашалуу окуяны таптакыр башка өңүттө баяндайт. Китептин автору Үркүндөн 100 жыл өткөндөн кийин да окуяны эскерүү оор айыптоолор менен коштолуп келерин, бирок каргашанын себепчилери эчак жок болгонун айтат.

"Китеп 1916-жылдагы окуянын айланасында орун алган бир топ чындыкка коошпогон ойлорго чекит коет деп ишенем", — деди Дегенбаева.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Алай ханышасы Курманжан датканын урпактарынын катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0