Балдардын Жаңы толкун эл аралык музыкалык сынагынын интернет баракчасынан тартылган кадр. Инкико Вероника

Крымдагы "Жаңы толкун" сынагында КРден 11 жашар Вероника Инкико катышууда

147
(жаңыланган 13:20 13.08.2016)
Инкико эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева жетектеген "Күлүп кой" вокалдык студиясынын окуучусу жана ырчы "Кg-Тай" балдар музыкалык теледолбоорунун катышуучусу.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 11 жаштагы Кыргызстандык Вероника Инкико Россиянын Крым аймагында өтүп жаткан балдардын "Жаңы толкун" эл аралык музыкалык сынагына катышып жатат. Бул туурасында кыргызстандык эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева маалымдады.

Таланттуу балдардын жарышы атактуу "Артек" лагеринде өтүүдө. Быйылкы сынакка ат салышууга Кыргызстан, Румыния, Россия, Украина, Мальта, Түштүк Корея, Грузия, Беларуссия, Армения, Латвия өлкөлөрүнөн 15 балдар-кыздар катышып жатат.

Инкико сынактын биринчи күнү британиялык ырчы Jessie J аткарган "Who's Laughing Now" аттуу ырды эл алдына алып чыкты. Ал эми бүгүн "Сенсация " аттуу чыгарманы ырдады. Кечинде конкурстун жыйынтыгы чыгып, ал гала-концерт менен аяктайт.

"Бүгүн Вероника диапазону кенен чыгарманы ырдап чыгат. Ырды аткаруу абдан кыйын",— деди ырчы Тойгонбаева.

Инкико эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева жетектеген "Күлүп кой" вокалдык студиясынын окуучусу жана ырчы "Кg-Тай" балдар музыкалык теледолбоорунун катышуучусу. Бишкектеги "Cambridge Silk Road International School" мектебинин 7-классынын окуучусу.

Балдардын талантын баалаган калыстар тобунун башында россиялык композитор Игорь Крутой турат, курамында белгилүү ырчылар Лев Лещенко, Филипп Киркоров бар.

Аталган сынакты атактуу Игорь Крутой өзү негиздеген.

147
Белгилер:
Крым, 'Жаңы толкун' музыкалык сынагы, сынак
Тема боюнча
Азербайжанда Көчмөндөр оюндарынын ролиги тартууланды
Кыргызстандык бийчилер Олимп кубогун жеңип алышты
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуу Стамбулдагы эл аралык кинофестивалында

Айкөл Нурланбек уулунун тасмасы 65 өлкө катышкан фестивалда баш байге утту

151
(жаңыланган 18:54 30.11.2021)
Нурланбек уулунун эмгеги абройлуу эл аралык кинофестивалда "Эң мыкты даректүү тасма" деп аталып калды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга режиссёр тастыктады.

  • Режиссер короткометражного фильма Мээрман Айколь Нурланбек уулу во время награждения на международном кинофестивале в Стамбуле. 30 ноября 2021 года
    Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту
    © Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
  • Режиссер короткометражного фильма Мээрман Айколь Нурланбек уулу во время награждения на международном кинофестивале в Стамбуле. 30 ноября 2021 года
    Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан
    © Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
  • Режиссер короткометражного фильма Мээрман Айколь Нурланбек уулу во время награждения на международном кинофестивале в Стамбуле. 30 ноября 2021 года
    Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган
    © Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
1 / 3
© Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту

Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан. Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган.

"Канн кинофестивалында сыйланган франциялык режиссёр, сценарист жана актёр Оливер Лакс менен сүйлөшкөндө "Мээрман" фильмине "мен көргөн мыкты даректүү тасма" деген баасын берди. Ал бул фестивалда калыстар тобунун төрагасы болгон. Тасманы жаратууга салым кошкон чыгармачылык топко ыраазычылыгымды билдирем", — деди Нурланбек уулу.

"Ааламдарга ырайым" — абройлуу эл аралык кинофестивалдардын бири. Быйыл 22-27-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында жетинчи ирет өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" киносу буга чейин "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары" фестивалында үчүнчү орунга татыган.

Андан мурда Бишкекте өткөн “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болгон. "Үмүт" КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночулары форумунун улуттук сынагында "Мыкты тасма" аталган.

151
Белгилер:
Айкөл Нурланбек уулу, режиссер, фестиваль, баш байге
Тема боюнча
АКШда сыйлык алган "Шамбала" фильминдеги кичинекей Артур: апамды сагынып ыйладым
"Акыркы көч" тасмасы Россиядагы кинофестивалда "Мыкты музыка" сыйлыгына татыды
Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы АКШда дагы бир сыйлык алды

Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети

1284
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты
  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды
  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду
  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти
  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты
  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты
  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду
  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти
Бүгүнкү сүрөт түрмөктө жыл сайын өтүүчү Nature in Focus Photography сынагынын жеңүүчүлөрү менен финалисттеринин эмгектери камтылган. Алардын керемет сүрөттөрүн көрүп, ырахат алыңыз.

Бул масштабдуу сүрөт сынагы дүйнөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө арналган. Быйыл конкурска 40 өлкөнүн эки миң сүрөтчүсүнөн 18 миңдей эмгек сунушталды. Жеңүүчүлөр "Жаныбарлардын портрети", "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө", "Чыгармачыл табияттын сүрөтү", "Жаш фотосүрөтчү", "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" жана "Жаныбарлардын кылык-жоругу" сыяктуу бир нече категория боюнча тандалды.

Сынактын тарыхында алгачкы жолу жалпы жеңүүчүнү тандоо мүмкүн болгон жок. Калыстар тобунун айтымында, эң мыкты сүрөттү тандоо кыйынга турган.

Сынактагы сүрөттөрдү толугу менен көрүүгө болот.

1284
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты

    "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында Шиванг Мехтанын "Сейилдөөгө чыккан кабылан" деген эмгеги финалга чыкты

  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды

    Анага Мохананын "Көңүл борборунда" сүрөтү "Жаш фотосүрөтчү" номинациясында жеңүүчү деп табылды

  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду

    "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында "Бөлүнгөн жер" сүрөтү финалист болду

  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти

    "Жаныбарлардын портрети" категориясында Мохаммад Мураддын "Шаардын жарыгы" сүрөтү жеңишке жетти

  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты

    Пратхамеш Гадекар "Түндүк жарыгы" сүрөтү менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" категориясында алдыңкы орунга чыкты

  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
    © Photo / Panos Laskarakis / Nature inFocus 2021

    Панос Ласкаракис "Падышанын майрамы" эмгеги менен "Жаныбарлардын портрети" категориясында финалист болду

  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
    © Photo / Shuvam Sadhukhan / Nature inFocus 2021

    Шувам Садхухан "Мурундан куйрукка чейинки диета" кадры менен "Жаныбарлардын кылык-жоругу" категориясында финалга чыкты

  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
    © Photo / Magnus Lundgren / Nature inFocus 2021

    Магнус Лундгрен "Иллюзионист" аталышындагы эмгеги менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" номинациясында финалист болду

  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
    © Photo / Priyanka Rahut Mitra / Nature inFocus 2021

    Приянка Рахут Митра "Жаныбарлардын кылык-жоругу" номинациясында "Тег, бул сенби!" аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду

  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

    Лакшита Карунаратна "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында "Монарх эс алууда" чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду

    Анируд Камакери "Уктаган жөргөмүш" эмгеги менен "Жаш фотосүрөтчү" категориясынын финалисти болду

  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти

    Махисин Хандын "Куугунтукталган" аталышындагы сүрөтү "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында жеңишке жетти

Белгилер:
конкурс, табият, фото, сүрөт, дүйнө
Тема боюнча
Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео
COVID-19 вакцинасын алган улгайган адам. Архив

Кубалык адистер "омикронго" каршы вакцина иштеп чыга баштады

0
(жаңыланган 11:23 01.12.2021)
Буга чейин ДССУ шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болгон жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кубадагы BioCubaFarma биотехнологиялык компаниялардын тобу коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы жукканда кандай болуп жаткандыгы боюнча отчётторду тыгыз карап чыгып, ага каршы атайын вакцина иштеп чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттик жогорудагы маалыматты холдингдин президенти Эдуардо Мартинестин айткандарына таянып билдирген.

"Омикрон" деп аталган жаңы штамм жукканда кандай болорун көңүл коюп байкап жатабыз. Ага каршы атайын вакцинаны иштеп чыгуудабыз, аны тез арада жасайбыз. Эми башкысы, күчтөндүргөн дозасын кошкондо эмдөө иштерине көз салуу керек жана COVID-19га байланыштуу санитардык чараларды сактоо өтө маанилүү", — деп жазган Мартинес өзүнүн Twitter блогуна.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болуп, тынчсыздандырып жаткан жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган. Медицина боюнча дүйнөлүк ассоциациянын төрагасы Франк Ульрих Монтгомери "омикрон" кооптуулугу менен Эбола вирусу же "дельта" штаммы сыяктуу болуп кетиши мүмкүн деп түйшөлгөнүн айтты.

Маалыматтарга караганда, Кубада коронавирустун жаңы тибине каршы элдин 82,2 пайызы эмделген. Ал жакта 2 жаштан өйдөгүлөрдүн саны 9,19 миллион киши дешти.

Кубанын окумуштуулары COVID-19га каршы төтр вакцина эсептеп чыгышкан. Финли вакцина институту иштеп чыккан эки препараттан (Soberana 01 жана Soberana 02) сырткары, Гендик инженерия жана CIGB биотехнологиялар борбору эки вакцинаны изилдеп жатат. Алар — тамчылатма Mambisa жана инъекциялык Abdala. Баштапкы Soberana 01 жана Soberana 02 көп санда чыгарылып, жапырт эмдөөгө колдонуу стадиясында турат.

0
Белгилер:
Куба, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, 'омикрон' штаммы, коронавирус, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет