Атактуу актер Стивен Сигал II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАтактуу актер Стивен Сигал. Архив
Атактуу актер Стивен Сигал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актёрдун президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келээри күтүлүүдө.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Голивуддун жана дүйнөнүн атактуу актеру Стивен Сигал келет. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Анда актёрдун президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келмекчи. 

Жакында ал чакырууга жообун кат түрүндө жазып, анда ыраазычылыгын билдирүү менен Оюндарга келе тургандыгын тастыктаган

"Кино жаатында дүйнөлүк атактуулукка жеткен актёр, кинопродюсер, сценарист, кинорежиссёр, музыкант жана күрөш чебери Стивен Фредерик Сигал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3-сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган ачылыш аземине келет", — деп айтылат маалыматта. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коллекциялык күмүш тыйыны - Sputnik Кыргызстан
УБ: "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш тыйындары 1 суткада сатылып кетти
Актер көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкандан сырткары, Айкидо федерациясынын өкүлдөрү менен жолугууну, Азия киносу боюнча дүйнөлүк фестивалга (AWFF) арналган кайрымдуулук кечеге катышууну пландоодо.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0