Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев

Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур

1660
(жаңыланган 12:30 23.08.2016)
"Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадиллаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. Актер буга чейин "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Жараланган турна", "Президент жана бомж" тасмаларына тартылып, белгилүү болгон.

Азиз мырзанын пунктуалдуулугун ушундан билиңиз. Белгиленген убактан кечикпей келип "Мен убагында эле келдим окшойт" дегенинен саатымды карасам үч мүнөт өтүп кетиптир, анан ал кайра өзүнүн саатын көрсөтүп сиздики алдыда экен мына эми 12:00 болду дейт. Маек ушинтип башталды. 

Актер Азиз Мурадиллаев, сыгравший роль Алымбек датки в фильме Курманжан Датка во время интервью. Архивное фото
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев

— Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Сизди чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүнөн экениңизди билебиз?

— Мен Бишкек шаарында 1978-жылы 12-июнда төрөлүп, ушул жакта чоңойдум. Атам белгилүү актер Үсөн Мурадиллаев, апам КРдин Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева. Албетте менин чыгармачылыкка аралашып калуума ата-энемдин жана кесиптештеринин таасири чоң. Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрынын алдындагы училищеге тапшырдым. Андан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга өтүп, аны 1997-жылы аяктадым. Азыр иштеп жатканыма он беш жылдын жүзү болду. Учурда 19 жана 9 жаштагы эки уулум бар.

— Көп тасмаларда башкы ролдорду жараттыңыз. Бирок эң жемиштүүсү, сизге дагы да ийгилик алып келгени Алымбек датка болду окшойт?

— Мен да ошентип ойлочумун. Бирок байкасам азырынча "Курманжан датканы" көрө электер көп экен. Албетте менин чыгармачылыгымда Алымбек датканын талашсыз чоң орду бар. Кээде мени көчөдөн кинодогу ар түрдүү аттар менен Эркин, Бакыт, Темир, Алымбек деп чакырышат. 

Кадр из фильма Курманжан датка, актер Азиз Мурадиллаев в роли Алымбек датки
© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым
Азиз Мурадиллаев "Курманжан-Датка" филминдеги Алымбек-Датка ролунда

— Алымбек датканын ролу сизге кантип буюрду? Кастингдин талаптары кандай эле?

— Кастинг жүрүп жатканына эки айдын жүзү болуп калган. Уккам, бирок барган эмесмин. Төлөмүш Океевдин киностудиясында жүргөм. Дос балдар Алымбек датканын ролуна сынакка катышканы "Айтыш фильмдин" алдында турабыз, жолугалы деп айтып калышты. Алар кирип кетишти, мен сыртта күтүп отурсам Садык байке менен Акылбек Абдыкалыков агайыбыз "Сен кастингге келген жоксуң, жүрү сени да көрүп көрөлү" дегенинен макул дедим. Башында видео проба болду. Эки бет текст беришт,и анан эки-үч дубль кылып алып үйгө кеттим. Эртеси жардамчы кыздар телефон чалып "куттуктайбыз, сиз өттүңүз, эми сакалыңызды албай туруңуз" дешти. Чынын айтканда мен өтөм деп ойлогон эмесмин. Анткени кастинг бүткөндө элдин акыркысы болуп баргам. Мага чейин Алымбек датканын ролуна канча киши келгенин билбейм, көрө алган жокмун. 

— Тасма тартылып жаткан аянтта кызыктуу окуялар көп болсо керек?

— Мен алгач тартылып баштаганда эликке ууга Алымбек, Элтойду болуп чыккан картина бар эле. Анан мергенчиликке деп атайын элик алып келгенбиз. Ал картина кинодо жок. Бирок Каныкейдин фильмге жазылган саунтрегинин клибинде көрсөтүлөт. Анан күтүүсүз жерден эликти качырып жибердик. Эмне кылаарыбызды билбей тайгандар менен бүркүтчүлөр сезип калбасын деп баарын кетирдик. Эликтин ээси "көпчүлүк жакшы болот, бирге кубалайлы" деп айтып калды. Анан торлорду көтөрүп алып ары-бери чуркадык. Элик качып баратып таштын арасына түшүп кетип, бир мүйүзүн сындырып алды. Ага негизи атайын эс алдыруучу дары берип коюш керек экен. Анан аны сайып койсок качышы керек болгон жеринде уйдай гана болуп жатып берди. Таш менен ургулап эптеп тартканбыз. Көрсө, качып кеткенде бутун жакшы байлабай коюптурбуз. Садык байке тыңыраак эле байлабайсыңарбы деп урушкан.

— Алымбек датканын ролу үчүн канча гонарар алды деп кызыккандар көп экен?

— Бул жагынан гонарар тууралуу кеп кылууга болбойт. Өтө көп деп айтуудан алысмын. Ошондой болсо деле жакшы болмок. Биз акчага көңүл бурган жокпуз. Кандай десем, патриот катары тартылдык. 

Актер Азиз Мурадиллаев, сыгравший роль Алымбек датки в фильме Курманжан Датка во время интервью. Архивное фото
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Азиз Мурадилаев: жашоонун өз агымы, түмөн түйшүгү бар. Чоң шаарда бат кыймылдап, жайлоодо жай жүрүшүң керек

— Кино сүйүүчүлөр бул роль сизге мыкты жарашып, татыктуу ойногон деп айтышат. Өзүңүзгө жактыбы?

— Мен бул ролду укмуш кылып аткарып салдым дебейм. Тасманы кайталап көрө берсең, өзүңдөн кемчилик издей берет экенсиң. Толук түрдө канааттандырып, купулума толду деп айтуудан алысмын. Башка актерлордой эле тартылып бүткөндөн кийин бир жерлерин башкачараак ойносом болмок экен деген ой келген.

— Тасмада көз карашыңыз ушунчалык муңдуу, оор басырыктуу, ошол эле учурда жылдыздуу көрүнүп, көз аркылуу да түрдүү ой-толгоону бере алдыңыз. Байкасам, күнүмдүк жашоодо көзүңүз кадимкидей эле экен?

— Негизи көзүмдүн ичинде кал бар. Ал жакта Алымбек датка кылыч кармап, согушуп жүргөн жок. Андыктан салабаттуу, токтоо, мыкты саясатчы жана стратегиясы күчтүү чыныгы датканын образын бериш керек эле. А жашоодо албетте, кандай болсоң ошондой жүрө бересиң да.

— Аткарган ролдоруңуздан бир канча убакыт чыга албай жүргөн учурлар болобу?

— Жашоонун өз агымы, түмөн түйшүгү бар. Чоң шаарда бат кыймылдап, жайлоодо жай жүрүшүң керек. Менде андай болбойт. Каармандын образын турмушка аралаштырбайм. 

— Учурда кино сүйүүчүлөр арбынбы же театрды жактыргандар басымдуубу? 

— Мурун экономикабыз аксап жаңы бутка туруп келе жатканда театр эмес, турмушту араң эптеп калганбыз. Кайрадан жанданып турганда минтип маалымат абдан жеткиликтүү болуп калды. Эл театрга көп келбегени маалым. Азыр кино жеткиликтүүлүгү менен театрды утуп жатат. Керек болсо каалаган киноңду жыйырма сомдук дисктен көрө аласың, туурабы? Бирок театр жандуу көрүнүш. Анын өзүнүн жеке күйөрмандары бар. Ар бир премьераны калтырбай көргөндөр арбын. Жаш курактары да ар түрдүү. Экөөнүн тең артыкчылыктары бар деп ойлойм. 

Актер Азиз Мурадиллаев, сыгравший роль Алымбек датки в фильме Курманжан Датка во время интервью. Архивное фото
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Азиз Мурадилаев: Театрда сөздү тексттегиден бурмалап жиберсең сени менен ойноп жаткан киши ыңгайсыз болуп калышы мүмкүн. Ал кайсы сөздөн кийин эмнеси кетээрин билбей калат

— Кинодогу тексттердин баарын жаттайсыздарбы же арасынан өзүңөрдүкүн да кошуп кеткен учурлар болобу?

— Тексттер китептин форматына окшош кооз жазылган болот. Окуй келсең мындай бир жасалмалуулукту бергендей туюлуп кетет. Өзүң жүдөп кеткенде ток этер жерин айтып беришиң керек болот. Маселен учурдагы өлүмдү угузганда текстегидей "Ии, биздин да кабыргабыз кайышып" деп отурбай, кээде жөнөкөй тил менен бергенге аракет кылабыз. Театрдан көбүнчө жаттайбыз. Сөздү тексттегиден бурмалап жиберсең сени менен ойноп жаткан киши ыңгайсыз болуп калышы мүмкүн. Ал кайсы сөздөн кийин эмнеси кетерин билбей калат.

— Азыр кино тарткандар көп. Сизге сунуш түшкөндө аларга карата жеке талаптарыңыз барбы? Деги эле сизге кандай роль жаратуу ыңгайлуу?

— Бизде амплуа деген түшүнүк бар. Айрымдар комедия аткарып жатса деле эл күлбөйт. Ал эми трагедия болуп жатса деле көрүүчүлөр күлө беришет. Мен кыймыл-аракет менен эмес, болуп жаткан кырдаал өзү күлкүлүү же кайгылуу болушу керек деп ойлойм. Менин талаптарым убактыма жараша болот. Роль тандабайм, ойной берем. 

1660
Белгилер:
актер, Курманжан Датка" тарыхый эпопеясы, кино, Азиз Мурадиллаев
Тема боюнча
Ишкер Чихун Чжонг: Кореяда деле "эл эмне дейт" деген түшүнүк менен жашайбыз
Алмаз Касымалиев: эфирден эмнеге кулагыңды чукуйсуң деп айтышкан

Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт

118
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев
© Фото / из личного архива Асель Данияровой

Кыргыз элинин белгилүү калемгерлери Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаевдин сүрөтү 1940-жылы Фрунзе шаарындагы азыркы Эркиндик бульварында тартылган.

Ал жылдары сүрөттөгү атактуу жазуучулардын чыгармачылыгы оргуштап, калың журтка таанылып калган маалы эле.

Белгилүү адабиятчы, акын, жазуучу Омор Сооронов аларды мындайча эскерет:

"Мен өзүмдүн эмгек жолумда Мукай Элебаевдин чыгармачылыгына көп кайрылып, күндөлүгүн, согушта жазган каттарын окуп калгам. Ошондуктан өз сөзүмдү Элебаевден баштайын, Мукай ошол жылдары жетишсиз турмушту башынан өткөрүп, жумушунан айдалып, куугунтукталып, "Тартыш" деген пъесасы сахнага чыкпай калган. Кийин Улуу Ата Мекендик согуш башталганда дагы жакындарына кабарлабай эле жазуучуну фронтко алып кетип калышкан. Мукай Элебаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков таяке-жээн эле, Сыдыкбеков Элебаевдикинде жашап, үй ээсинин акыл-наасатын угуп калган. Акын, драматург Жусуп Турусбеков болсо 1935-жылы жарык көргөн "Ажал ордуна" драмасынын аркасы менен таанылып, кийин кан майдандан кайтпай калды. Сүрөттөгү үч инсан тең жакын мамиледе эле, бири-биринин чыгармаларын катуу сындап, пикирлерин бетке айткан. Андай нерселерди Мукайдын күндөлүгүнөн көп эле окуп калгам. Менимче, эгер Элебаев менен Турусбеков согуштан кайтып келгенде, бир топ чыгарма жаратып күчтүү жазуучулардан болушмак. Мукайдын жарыяланбаган толгон-токой кагаздары Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөрүп берилген", — деди Сооронов.

Сүрөт тартылган жылы Турусбеков 30, Сыдыкбеков 28, Элебаев 34 жашта болгон.

118
Белгилер:
таберик сүрөт, Мукай Элебаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу, акын
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Суу бойлоп... Төлөмүш Океев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт
Кемедеги Сүймөнкул Чокморов менен айылдык келин. "Кызыл алмадан" таберик сүрөт
Гүл кармап турган адам. Архив

Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды

68
Баатыр Жалиевдин чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 85 жаш курагында живописчи, график, КР эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, ага жазылган некрологду жарыялады.

Жалиевдин чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөдөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн "Өнөр жайлуу Ош" (1966), "Ош курулуп жатат" (1972), "Хайдаркан комбинаты", (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү "Тогуз коргоол" (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Сүрөтчү көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында "Сизизм" көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк "мектебин" жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, "Эмгектеги артыкчылык" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага КР эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.

68
Белгилер:
Баатыр Жалиев, чыгармачылык, өмүр баян, өлүм, сүрөтчү
Тема боюнча
Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог
Белоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко бүгүн өкмөттү отставкага кетирди

0
Премьер-министр Сергей Румас башкарган азыркы министрлер кабинети 2018-жылдын август айынан баштап иштеп келе жатат.

БИШКЕК, 3-июн. – Sputnik. Белоруссия президенти Александр Лукашенко азыркы өкмөттү отставкага кетирүү чечимин бүгүн кечинде кабыл алгандыгын Sputnik Белоруссия жазды.

Президент өткөн аптада кадрдык өзгөрүүлөр болорун айткан эле. Дүйшөмбүдө эки палатанын, президенттик администрациянын жана коопсуздук кеңештин жетекчилери менен сунушталган талапкерди талкуулаган.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков на заседании Высшего Евразийского экономического совета, которое проходит в формате видеоконференции
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бүгүн кечинде мамлекет башчы Лукашенко азыркы өкмөттү отставкага кетиргени айтылды.

Азыр эскилердин кимдер кызматта калып, кимдердин кетери же башка кызматка которулары азырынча белгисиз. Жаңысы дайындалганга чейин эски курамы өзүнүн милдетин аткарып турат.

Азыркы өкмөттүн жетекчиси Сергей Румас башкаларга караганда азыраак иштеген. Бул кызматка мындан эки жыл мурда, август айында киришкен.

Белоруссиянын мыйзамы боюнча премьер-министрди президент дайындайт. Бирок андан мурда Эл өкүлдөр палатасынын программасын тааныштырып, колдоосун алгандан кийин толук бекийт.

Эгерде Румас кызматта калса, анда вице-премьерлер жана министрлер алмашып, депутаттардын колдоосуна муктаждык болбойт.

Палатанын жакынкы сессиясы эртеңкиге, аны менен катар эле депутаттардын жолугушуусу келерки аптага жана айдын аягына пландалганы маалымдалган.

0
Белгилер:
чечим, депутат, отставка, өкмөт, Белоруссия
Тема боюнча
ЕАЭБ рыногуна кыргызстандык канча ишкана товар экспорттой алат. Тизме