Discovery Channel каналы Кыргызстан тууралуу кызыктуу тасма тарты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк-бөрү. Архив
Көк-бөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сценарий боюнча долбоордун автору Тим Нунан аттын кулагы менен тең ойногон кыргыз жигиттери менен көк бөрүгө түшүп, күлүк чапкан.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Атактуу эл аралык Discovery Channel каналы Кыргызстан тууралуу документалдык тасма тартты.

"Эр жетүү" долбоорунун алкагында 44 мүнөткө созулган көк бөрү тууралуу тасма тартылган.

Сценарий боюнча долбоордун автору Тим Нунан аттын кулагы менен тең ойногон кыргыз жигиттери менен көк бөрүгө түшүп, күлүк чапкан. 

"Бул жакта эр экендигиңди далилдөө үчүн ат үстүндө мыкты ойноп, улакты таштай алышың керек", — дейт Тим Нунан.

12 сериядан турган долбоордо автор ар кыл улуттун салты менен таанышып чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0