Сегиз уламышты баяндаган "Легенда" тасма тартылып бүттү

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сценарий боюнча эки жаш Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, андагы уламыштарды угушат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. "Легенды" (Уламыш) тасмасы тартылып бүттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" коомдук фондусу билдирди. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Лампа" тасмасы даректүү фильмдердин сынагында ат салышмай болду
Маалыматка ылайык, 1 саат 50 мүнөткө созулган тасма "Telegey Company" киностудиясы тарабынан тартылды. 

Сценарий боюнча эки жаш Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, андагы уламыштарды угушат. Тасма сүйүү, тарыхый окуялар менен коштолуп, баш-аягы сегиз уламыш баяндалат. 

Кинонун бюджети 15 миллион сомду түзүп, ага "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун төрагасы Самат Ибраев демөөрчүлүк кылды. 

Тасма өлкө боюнча бүткүл 40 райондо көрсөтүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0