Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы катышуучулардан арыз кабыл ала баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалынын статуэткасы. Архив
Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү эл аралык кинофестивалынын статуэткасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын өтүүчү эл аралык кинофестиваль быйыл декабрь айына белгиленген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалы КМШ, Балтика жана Грузия мамлекеттеринен катышууну каалагандардан арыз кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 6-жолу өтө турган иш-чара КРдин Кинематографисттер союзу жана "Айтыш" коомдук фондусу тарабынан негизделип, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналат.

"Быйыл аталган фестиваль 12-15-декабрь күндөрү "Манас" кинотеатрында өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Лампа" тасмасы даректүү фильмдердин сынагында ат салышмай болду
Сынакка 2014-жылдын 1-декабрынан берки убакытта КМШ, Балтика жана Грузия мамлекеттеринде тартылган даректүү, көркөм жана анимациялык фильмдер катыша алат. Мында тасманын узактыгы 30 мүнөттөн ашпашы керек.

Фестивалда тасмалар эл аралык жана улуттук сынак өтүп, "мыкты тасма", "мыкты режиссура", "калыстар тобунун атайын байгеси" жана "көрөрмандардын сүймөнчүгү" номинациялары боюнча ат салышат.

Арыздар 30-октябрга чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0