Кырчындагы айтышта Азамат Болгонбаев баш байгени багындырды

Жазылуу
Айтышка катышкан 17 акындын бири калбай акчалай сыйлык менен сыйланды.

КЫРЧЫН, 5-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда өткөн эл аралык айтышта кыргыздардан ак таңдай акын Азамат Болгонбаев, казактардан Мухтар Ниязов баш байгеге ээ болуп, ар бири 300 миң сом менен сыйланышты. 

Эскерте кетсек, 4-5-сентябрь күнү өткөн казак-кыргыз айтышында кош байге жарыяланып, Казакстандан 8, Кыргызстандан 9 акын катышкан. 

Кыргыз тайганы жана алгыр бүркүттөр: 110 аңчыны сапка тизген Салбурун фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тайганы жана алгыр бүркүттөр: 110 аңчыны сапка тизген Салбурун фестивалы
Биринчи орунга Болот Назаров менен Жаркынбек Наушанбеков татып, 150 миң сомдон алышса, экинчи орунду Амантай Кутманалиев менен Нурмат Мансуров алып, 100 миң сомдон байгеге ээ болушту. Ал эми үчүнчү орунга Асылбек Маратов менен Дидар Калиевдер татып, 80 миң сомдон алышты.

Айтышка катышкан калган акындарга 30 миң сомдон кызыктыруучу байге берилди. Мындан тышкары, казак акындарга айтылуу залкарлар Ашыралы Айталиев менен Эстебес Турсуналиев атындагы 50 миң сомдук акчалай сыйлык берилсе, Тууганбай Абдиев атындагы 50 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин атынан акчалай сыйлык кыргыз акындарына кетти.

Эл аралык айтышка төкмө акын Элмирбек Иманалиев, манасчы Рысбек Исаков, акын Зайырбек Ажыматов, жазуучу Олжобай Шакир, Шайырбек Абдрахман, Сүйүнтбек Касмамбетов, Назира Аалы кызы калыстык кылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0