"Ата керээзи" тасмасы Монреалда баш байгеге ээ болду

© Фото / пресс-служба Минкультуры и туризма КРМировая премьера художественного фильма "Завещание отца" режиссеров Бакыта Мукула и Дастана Жапар уулу в Международном кинофестивале в Монреале.
Мировая премьера художественного фильма Завещание отца режиссеров Бакыта Мукула и Дастана Жапар уулу в Международном кинофестивале в Монреале. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасманын дүйнөлүк премьерасы дал ушул фестивалдын алкагында өттү.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулуна таандык "Ата керээзи" тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда өз номинациясы боюнча баш байге — "Алтын зенитке" ээ болду. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 25-августта башталып бүгүн аяктады. Кыргызстандык тасма "Алгачкы фильм" номинациясы боюнча ат салышкан. 

"Ата керээзи" Монреалда 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү көрсөтүлгөн. Натыйжада канада, италия жана франциялык кино ишмерлеринен турган калыстар тобу баш байгени кыргызстандык тасмага ыйгарууну чечишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0