Кыргызстандык джаз топ бүгүн Вашингтондо концерт берет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДжаз концерти. Архив
Джаз концерти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музыкалык топ классикалык стандарт менен бирге кыргыз элинин улуттук колорити камтылган этно-джаз стилиндеги чыгармаларды да аткарат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык "Salt Peanuts" джаз тобу бүгүн Вашингтондогу Кеннеди борборунда концерт бере турганын өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

The Economist журналынын порталы болгон 1843magazine.com сайтында аталган концерт Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин колдоосу менен эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналып уюштурулууда. 

"10-сентбярь күнү Вашингтондогу дүйнөгө белгилүү Кеннеди борборунун атактуу Millennium Stage сахнасына чыгабыз. Кыргызстандык авз джаздын мекенинде жаңырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган топ классикалык стандарт менен бирге кыргыз элинин улуттук колорити камтылган этно-джаз стилиндеги чыгармаларды да аткарат.

Концерт ишемби күнү Вашингтондун убактысы боюнча саат 18.00дө башталат. Бул Кыргызстанда жекшембиге караган түнү таңкы саат 4.00 болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0